КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 22:13 | 14 жетинин айы

8-14-сентябрда Ысык-Көл облусунда «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр ойундары» болуп өтөт

Дата: 06:00, 01-01-1970.

Бишкек. 27-январь. КирТАГ - Калия Дүйшебаева. 8-14-сентябрда Ысык-Көл облусунда «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» болуп өтөт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунда болуп өткөн оюндарга даярдык боюнча форумда күнү белгилүү болду.

Аталган иш-чарага Түркия, Казакстан, Азербайджан, Башкортостан, Якутия, Өзбекистан, Монгол, Алтай, Түркмөн, Хакас, Таджик, Калмык өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышат. Ар өлкөлөнүн өкүлдөрү эр эңиш, көк бөрү, кыргыз күрөшү, тогуз коргоол, аламан байге, жорго салыш, кунан чабыш, кыз-куумай, ордо жана башка ушул сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча күч сынашат. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында өткөрүү пландаштырылууда.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкка арналган форумга Түркия, Казакстан, Азербайджан, Монгол өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Форумдун алкагында Кыргызстандын командалары эр эңиш, көк бөрү жана кыз-куумай оюндарын конокторго көрсөтүштү. 5-жашар манасчы Үмөт «Манас» эпосунан үзүндү айтып берди.

Поделиться новостью: