КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:11 | 21 жетинин айы

Афган Памириндеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Дата: 16:53, 27-11-2014.

Бишкек. 27-ноябрь. КирТАГ - Айзура Чыкынова. Афган Памириндеги  этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам иретинде чатыр, дары-дармек жана башка керектүү буюмдар жеткирилип берилди. Бул тууралуу КР эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов бейшемби күнү маалымат жыйынында билдирди.

«КР өкмөтү тарабынан 19-25-ноябрь аралыгында Кичи жана Чоң Памирде жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Гуманитардык жүктүн жалпы көлөмү 60 тоннанын тегерегинде болуп, 3 млн сомго алынган. Ун, кумшекр, дары-дармек, чатырлар, жылуу жууркандар жеткирилип берилди. Биз менен бирге дарыгерлер да барып, алар памир кыргыздарынын саламаттыгын текшерип беришти», - деди А. Алымкулов.

Анын айтымында, Кичи Памирде 165га жакын кибитка, Чоң Памирде 115, ар бир үй-бүлөдө 5-7 адам жашайт, аялдар кескин аз.

«Ал жердин климаттык шарты катаал, мен таң калдым, кол капты чечүүгө мүмкүн эмес, бирок кыргыздар ал жерде 75 жылдан бери жашап келишет. Алар кыргыз тилинде, харси тилинде  эркин сүйлөшөт, кыргыз тилин бизге караганда мыкты билишет, аларда башка тиледрден кирген сөздөр жок. Боз үйлөрдө жашашат, сүт, топоз эти менен тамактанышат. Кыздарын  эрте эле, 9-10 жашында турмушка беришет. Аймак бийик тоолуу жана жашоо шарты катаал болгондуктан, көптөгөн памир кыргыздары 60 жашка да чыгышпайт», - деди министр.

Ал маалымдагандай, экспедиция тарабынан балдарды дарыгердин, мугалимдин билимин алып, кайтып келип элине жардам берүүсү үчүн, окууга берүү сунушталган.

«Алар ойлонуп көрүүнү убада кылышты. Кээ бирлери Кыргызстанда жашагысы келээрин айтышкан, бирок баардыгы эле эмес, ал жерден кеткиси келбегендер да бар», - деп түшүндүрдү А. Алымкулов.

Белгилей кетсек, Кичи жана Чоң Памир дүйнөнүн бийик тоолуу өрөөндөрүнө кирет, деңиз деңгээлинен бийиктиги 4100дон 5200 метрге чейин. Бүгүнкү күндө Памирдеги этникалык кыргыздардын саны 2 миң адамдан ашпайт. Бирок, Афганистандагы этникалык кыргыздардын сандык көрсөткүчү так эмес, себеби калк каттоосу жүргүзүлгөн эмес.

Поделиться новостью: