КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 9:12 | 17 жетинин айы

Айлананы акка бөлөп кыш келди

Дата: 10:51, 28-10-2014.


Бишкек. 27-октябрь. КирТАГ – Айзура Чыкынова.  Бишкекте жекшемби күнү кечинде абанын температурасы кескин төмөндөп, катуу шамалдан соң жаан жаап, карга айланды. Айлана ак шейшепке оронгон сымал, али жашыл жалбырактарды ак кар басты.

Кечээ күндүз абанын температурасы +17 +19 °C түзүп турган, кечээ гана жеңил кийинип жүргөн шаар тургундары кышкы, калың кийимдерге өтүштү. Кээ бирлер абанын мындай өзгөрүүсүн күткөн эмес. Кыргызгидромет маалымдагандай, бүгүн Бишкекте жаан жаап карга айланат. Батыштан соккон шамалдын күчү 4-9 м\с болуп, арада 15-20 м\с чейин жетип турат. Түнкүсүн абанын температурасы -1 +1°C, күндүз +2+4°C.

Белгилей кетсек, өткөн жылы биринчи кар 20-ноябрда жааган.

Поделиться новостью: