Бүбүсара Бейшеналиеванын изи менен

Дата: 16:28, 26-09-2014.

Кыргызстан таланттары менен бай, аска тоолуу өлкө өзүнүн залкар жазуучулары, мыкты ырчылары жана белгилүү акындары менен мактаналат. Ошол кыргыз сыймыктарынын ичинен кыргыз балети да артта калбай келет. Бул көркөм өнөр, башында улуу кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева туруп, жаркыраган аткаруучуларды сунуштаган. Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайына барып, көптөгөн балдарды, кыздарды балерина жана балерон болоруна кыялданып жаткандыгын көрүп, балет бүгүнкү күнү деле белгилүү экендигине ишенсе болот.

Балеттин артистерин чыгарган Кыргызстандагы жалгыз окуу жайында бүгүн 160тан ашуун шыктуу балдар окутулат. Жана жыл сайын 15ке жакын балеттин артистери чыгарылат.

Балет - көркөм өнөрлөрлөрдүн эң бир сонун түрү. Классикалык бий менен күнүмдүк үйрөнүүлөргө карабастан, ал абдан көп акыл жана күч аракеттер менен толукталат. Ушунун баардыгы элге кубаныч жана руханий ырахатты сунуштаганга кылынат.

Жөнөкөй жана күнүмдүк кайталанган турмуш хореграфиялык окуу жайдын босогосунан эле кооздуктун жана көркөмдүктүн дүйнөсүнө өзгөрөт. Мугалимдердин учурашкандары укмуштуулукту пайда кылдырат, окуучулар жетекчилери менен книксен (ийинип отурууу) менен учурашышат. Окуу жайдын ар бар классында сабактар өтүп жатат, балет мектебинин окуучуларынын кайта күч берүүлөрү аябагандай. Кичинесинен баштап балдар так жана ойлонуп туруп берилген окууну өтүшөт.

#маданият#киртаг#жаңылык#кыргызстан


Поделиться новостью: