Билим берүү министрлиги мектеп формасынын дизайнына жарыяланган конкурстун жыйынтыгын чыгарды

Дата: 17:53, 01-07-2014.

Жыйынтыгында биринчи орунду52 миң 26 добуш менен 3 вариант алды. Жеңүүчү дизайнер Эльвира Султангазиевага 300 миң сомдук сертификат жана диплом тапшырылды. Конкурстун катышуучуларына да белектер берилди.

Эске салсак, 2014 жылдын 1 апрелинде мектеп формасынын дизайнына конкурс жарыяланган.

Белгилей кетсек, Мектеп формасы жалпы билим берүү мекемелерине 1 сентябрдан баштап киргизилет. Бирок милдеттендирилбейт, сунуш түрүндө киргизилет. Бирок министрлик 2015-2016 окуу жылында мектеп формасын ата энелер жана окуучулар туура кабыл алып, бирдиктүү мектеп кийимине өтөбүз деп үмүттөнүүдө.

Поделиться новостью: