КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:52 | 19 жетинин айы

Бишкек шаарынын тургундары согуш ардегерлеринин сүрөттөрүн колдоруна алып, «Өлбөс полк» акциясына чыгышты

Дата: 18:11, 08-05-2014.

Бүгүн Даир Асанов атындагы Жеңиш паркында Бишкек шаардык кеңешинин демилгеси менен Жеңиштин 69 жылдыгына карата карата «Өлбөс полк» атуу митинг реквием өткөрдү. Бир мүнөттүк үн катпоо салтынан кийин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкуловго куттуктоо сөзү берилди.

«Биздин ата-бабаларыбыз, фашизмди жеңүү мененмекенге болгон чексиз сүйүүнү жана биримдиктин күчүн бизге далилдеп отурат. Бишкекте жыл сайын жеңиш күнүнө карата «Өлбөс полк» акциясы уюштурулат. Иш-чара согуш ардагерлерине, фронттун жеңүүчүлөрүнө жана тылда эмгектенгендердин урматына арналат», - деп белгиледи ал.

«Өлбөс полк» акциясы эки жыл Томскиде негизделген. Аны бир гана Орусия эмес СССРдин башка мамлекеттери колдоого алган. Орусия, Украина жана Казакстандын шаарларында элдер согуштан кайтпай калган жакын туугандары кошуналары, жакын тааныштарынын сүрөттөрүн колдоруна алып жөө жүрүш жасашкан. Бүгүн Бишкек да ошол шаарлардын катарын толуктап отурат. Бишкек шаардык кеңеши шаардыктарды жана шаар конокторун согуштан кайтпай калган жакын туугандары кошуналары, жакын тааныштарынын сүрөттөрүн колдоруна алып, Даир Асанов атындагы Жеңиш паркында өтүүчү «Өлбөс полк» акциясына чакырган. Иш чарага 200 гө чукул киши катышты. Алардын басымдуу бөлүгүн мектеп окуучулары түздү.

Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана тылда кызмат өтөгөндөр аскердик ботко жана фронттук 100 менен сыйланды. Андан кийин ардагерлер аскердик ыр ырдашты.

Кыргызстандан 364 миң киши согушка тартылган. Алардын 150 миңден көбүрөөгү Фрунзе шаарынын тургундары болгон. Бүгүн Бишкекте 459 согуштун ардагери жана 2,4 миң тылда кызмат өтөгөндөр жашап келет.

Поделиться новостью: