КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:35 | 19 жетинин айы

Бишкек Жаңы жылды тосууга даярдык көрө баштады

Дата: 10:17, 17-12-2014.


Бишкек. 17-декабрь. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Бишкек Жаңы жылды тосууга даярдык көрө баштады.

«Ала-Тоо» борбордук аянтында 21 метрлик балаты орнотулду. Бул жылы башкы балатыны узундугу 60 см жакын күйүп жанган жасалгалар жана гирляндалар менен кооздоп жатышат.

Мэриядан маалымдалгандай, борбор каланы Жаңы жылды майрамдоого даярдоо үчүн шаардык штаб түзүлүп, ал шаарды кооздоп жана майрамдык иш чараларды уюштуруу менен алектенүүдө.

Учурда Чүй проспектиндеги бак-дарактар, «Илбирс» жана «Агропром холдинг» компанияларынын имараттары кооздолууда.

Ошондой эле Бишкек мэриясынын жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имаратынын алдында балатылар орнотулат.

Поделиться новостью: