КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:20 | 17 жетинин айы

Бишкекте «Курманжан Датка» тарыхий тасмасынын бетачары өттү

Дата: 15:50, 01-09-2014.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева өзүнүн чыгып сүйлөгөнүндө, азыр коомчулук, Курманжан Датка ээ болгон сапаттардын өнүгүүсүн жана оңойлотуп түшүндүрүүгө курч зарылчылыгын сынап жаткандыгын белгилеп кетти.

«Мамлекеттин тапшырыгы боюнча тартылган тасма, Курманжан Датканын жашоосу тууралуу бандайт, ал духтун туруктулуугунун, тийиштүү жолдон чыкпагандыгынын жана чыныгы патриотизмдин символу болуп саналат. Ал өзүнүн башкаруусунда кыргыз элинин матрабасынын жогорулашына аракеттенген, өзүнүн замандаштарынын сүйүүсүнө, сыйлоосуна жана урпактардын жакшы элесине татыктуу болгон.», - деп Э. Сариева айтты.  

Тасманын тартылышына мамлекеттик бюджетинен 70 млн сом бөлүнгөн деп маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева белгилеп кетти. «Тасма эки жылдын ичинде тартылды. Ал алайлык ханышасы жана анын кыргыз элинин тарыхындагы ролу тууралуу баяндайт»,- деп министр белгиледи.

Поделиться новостью: