КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:41 | 18 жетинин айы

Бишкекте салтка айланып калган «Георгий лентасы» аттуу акция башталды

Дата: 06:00, 01-01-1970.

«Георгий лентасы» атуу акцияны ачуу учурунда. Орусиянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, «Жаңы муундун согуш ардагерлерин эскерүү жана алардын жашоосунан кабардар болуусу бул жакшы жөрөлгө. Биздин милдетибиз  бул эстафетаны ар бир муунга өткөрүп берүү. Мен сыймыктануу менен айталам, биздин бирдиктүү аракетибиз ардагерлердин да жаштардын да жүрөгүндө сакталып калууда», - деп билдирди.

Бишкектин Свердлов райондук администрациясы бул жылы иш чаранын демилгечиси болуп таанылды. Иш чараны «Евразия изилдөө институту» өнүгүү фонду жана «Владимир коому»нун колдоосу менен уюштурулду.

Акцияга мектеп окуучулары, студенттер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Поделиться новостью: