КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:28 | 26 аяк оона

Бишкекте япон куурчактарынын көргөзмөсү ачылды

Дата: 06:00, 01-01-1970.

«3-марттан баштап Японияда «Хина мацури» (кыздардын майрамы) майрамы белгилене баштайт. Япон салты боюнча үй-булөдө кыз бала болсо, туракты куурчактар хина менен кооздошот. Ал эки кабаттуу хинакадзаринин тепкичине окшош келет», -  деп уюштуруучулар билдиришти.

Уюштуруучулардын айтымында, күн чыгыш өлкөсү байыртадан эле куурчакка өзгөчө маани беришет.

«Куурчак көркөм өнөр искусствосунун негизги элементи, диний символикасы. «Куурчактар королдугу» өлкөсүндө биринчи жолу куурчактар Нара доорунда эле пайда болуп, ар кандай кырсыткардан сактоочу катары эсептелген. 1936-жылы бул кол өнөрчүлүк расмий түрдө көркөм искусство деп таанылган. Акырындап куурчактар эстетикалык ыраахат тартуулочу каражатка айланууда», - деп уюштуруучулар белгилешет.

Көргөзмө 14-мартка чейин улантылат.

Поделиться новостью: