КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:51 | 19 жетинин айы

Бишкекте ысык суу түтүгү жарылып; Аламүдүн базарынын тушундагы көчөнү кайнак суу каптады

Дата: 15:18, 11-12-2014.

Бишкек. 11-декабрь. КирТАГ - Бишкекте ысык суу түтүгүндө жарылуу болуп, Аламүдүн базарынын жанындагы көчөнү ысык суунун буусу каптады. Бул тууралуу КирТАГга окуянын күбөлөрү билдирди.

«Курманжан датка көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишинде ысык суу түтүгү жарылган. Ысык суу көчөнү каптап кеткен. Бир нече кварталды буу каптап, асфальттан жыты жаман суу агып жатат. Дүкөндөрдү, көчөнүн өтө турган бетин суу каптап, автоунаа тыгыны пайда болду», - деп билдирди күбөлөр.

Алматы көчөсүндө кыймыл буулду.

«Бишкекжылуулукберүү» ААКнан маалымдагандай, авариялык бригада окуя болгон жерге жөнөп кеткен.

Поделиться новостью: