КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:55 | 19 жетинин айы

Бишкекте «Зордук-зомбулукка жол жок» урааны астында тынчтык жүрүшү болуп өттү

Дата: 06:00, 01-01-1970.

«Сообща» кыймылы ар бир айдын жыйырма бешинчи күнү аялдардын коомдогу орду, анын тагдыры, XXI кылымда калктын аярлуу катмарын басмырлоо күчөп баратканын, ага каршы күрөшүү керектигин эскертип турмай болушту.

«Бул«Сообща» кыймылы уюштурган тынчтык маршы болуп эсептелет. Ага адам укуктарын коргогон 30 дан ашык ар кандай уюмдар катышты. Биз акцияга бир гана бир гана аялдарга болгон мамиле эмес, коомдун аярлуу катмарын жек көрүү, экстремистик жана улутчул көз караш сыяктуу коомдогу  туура эмес көз караштарга адамдардын көңүлүн буру үчүн чыктык», - дейт кыймылдын катышуучусу, укук коргоочу Сыйнат Султаналиева.  

Ошондой эле ал, акыркы учурларда ксенофобдук учуралар көп катталып жатканын айтып өттү.

«Көпчүлүк адамдардын баары бир түрдүү болушу керек деп эсептейт. Эмнеге мындай түшүнбөйм. Эгер башка көз караштагы адам болсо, аны басмырлайт, токмоктойт. Биз муну туура эмес деп эсептейбиз. Баш мыйзамда биз демократиялык жана светтик өлкө экендигибиз жазылган. Биз толеранттуу болушубуз керек. Өкмөт элге берген убадасын аткарышы керек. Кыргызстан ар кандай этностор жашаган көп улуттуу өлкө. Сексуалдык ориентация башка болгондордун укуктарын коргоого кыргыз Конституциясы гарант болуп берет», - дейт Сыйнат Султаналиева.

Поделиться новостью: