КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:53 | 19 жетинин айы

Бишкектеги «Манастын баатырлары» тай боксу боюнча профессианалдар арасындагы турнирдин биринчи жеңүүчүлөр аныкталды

Дата: 06:00, 01-01-1970.

Биринчи рейтингдик беттешүүдө 57 кг-дык   Калмырза Таалайбек уулу менен Уларбек Бакыт уулу таймашышты. Беш судядан турган калыстардын төртү экнчисине жеңишти ыйгарышты. Ушул эле салмакта, Арген Керимбеков үчүнчү раундда бутка чабуулу менен, дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын жеңүүчүсү Нурадин Канатбек уулун накаутка жыкты. Аталган салмактагы мелдешти Александр Вавилов менен  Бектурсун  Таалайбек уулунун ортосундагы беттешүү жыйынтыктады. Бул бет алышууда эсеп  5:0 болуп, Вавилов жеңишке жетишти.

Кийинки салмактык 67 кг боксчулардын ортосундагы мелдешти Ильяз Асапов менен Омурбек Бакыт уулунун беттешүүсү ачты. Бешинчи раунга, атаандашынын катуу туруштук бергенине карабастан, Асапов чеберчилигин көргөзө алды. Судьялар 5:0 эсеби менен Асаповдун пайдасына жыйынтык чыгарышты.

Ушул эле категория боюнча Жаныбек Бейшебек уулу менен Манас  Айтбаевдин ортосундагы беттешүүдөн  Жаныбек Бейшебек уулу жеңишке жетишти.

71 кг боксчулардын ортосундагы мелдешти  Абулбакир Машанло менен Урмат Абакиров ачышты.  Беттештин башында эле чеберчилигин көргөзүп, төртүнчү раунда техникалык накаут менен  жеңишке Машанло жетти. Андан ары ринге Евгений Проданцов менен  Бекжан Матысаев чыгышты. Эсеп 5:0 болуп, жеңишти Матысаев алып кетти.

Жыйынтыктоочу, «Манастын баатырлары» наамы үчүн  беттешүүдө  Нуртай Талайбек уулу менен Дастан Мукашев ат салышты. Беттешүү үчүнчү раунда техникалык накаут менен Таалайбек уулу Нуртайдын пайдасына чечилди. Ал, биринчи титулдук беттешүүнүн жеңүүчүсү аталып  «Манас» курунун ээси болду

Мелдештин кийинки туру 16-фералда болот.

Поделиться новостью: