КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:56 | 14 жетинин айы

"Датка-Кемин" - дүйнөдөгү эң оор энерго долбоор

Дата: 17:36, 16-05-2014.

«Бул дүйнөдөгү эң оор энерго долбоор. Куруучулар оор шартта иштеп жатат. Жакында деңиз деңгээлинен 3300 метр бийиктикте жайгашкан Кыр-Жайлоо ашуусунда иштер башталат. Техника баралбай турган аймактар да бар. Электр чубалгыларын тартуу үчүн устундарды колдо орнотууга туура келет. Тирөөчтөрдүн ар биринин оорлугу 16дан 50 тоннага чейин жетет», - деди Түменбаев.

Ошондой эле ал Датка - Кеминге Электр чубалгыларын тартуу үчүн 300 устун орнотуу өтө эле оор болот. Анткени ал жерлерге техника баралбайт. Колдоо орнотууга туура келет. Кыр-Жайлоо ашуусунда иштөө оор. Тирөөчтөрдү орнотуу үчүн кошумча жол салыш керек. Ошондой эле Шыргалал, Кырк-кыз жана Кызарт ашууларында электр чубалгыларын орнотуу кыйынга турат.

Анын сөзүнө караганда электр чубалгылары Кыргызстандын жети районун аралап өтөт.

«TBEA компаниясы түндүк түштүк электр чубалгыларын орнотуу үчүн Тажикистандын бийик тоолорунда иштөөгө аргасыз болууда. Кытайлыктар Датка-Кеминди куруу оор болууда деп айтып жатат», - деди ал.

Директордун орунбасарынын айтымында, электр чубалгыларын орнотуу иштери оор шарттарда жүрүүдө, бирок күткөнгө убакыт жок.


Поделиться новостью: