КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 9:00 | 17 жетинин айы

Кыргызстан Мамлекеттик Туу күнүн белгиледи

Дата: 06:00, 01-01-1970.

«Кечээ өлкөнүн баардык облустарында мамлекеттик туу күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Салтанаттын максаты өсүп келе жаткан муунду патриоттуулука тарбиялоо, аларды мамлекеттик символикаларга урмат сый менен мамиле кылууга үндөө, ошондой эле, баардык элди бириктирүү болчу. Биздин Туу - көз карандысыздыгыбыздын белгиси», - деп эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов белгилеп өттү.

Кикбоксинг боюнча Азиянын чемпиону Ален Офойо бул майрамдын маанилүүлүгүн белгилеп, желек мамлекеттин негизги белгиси экендигине токтолду.

«Мен Кыргызстанды эл аралык сынак-мелдештерде дал ушул Кызыл Туу менен көрсөтүп келем. Бул эбегейсиз чоң сыймык, анткени, сен Туу менен бүтүндөй бир мамлекетти тааныштырасын», - дейт спортчу.

Мамлекеттик Туу күнүн белгилөөнүн алкагында жаштардын жүрүшү, майрамдык концерт жана унаалар жүрүшү уюштурулду.

Поделиться новостью: