КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:05 | 19 жетинин айы

«Манас» аэропортундагы АКШ авиабазасы Кыргызстанда өз миссиясын жыйынтыктады

Дата: 06:00, 01-01-1970.

«12,5 жыл аралыгында Америка менен кыргыз өкмөтү эркиндикти сактоо боюнча тыгыз иш алып барды. Аталган борбор 4 багытта абадан май куюу, жүк ташуу, кызматкрелерди жеткирүү, коопсуздукту сактоо максатында уюшулган. 28-февралдан тарта баардык миссиясы соңуна чыкты», - дейт Дж.Миллард.

Анын сөзүнө караганда, бул аралыкта транзиттик борбор аркылуу5 млн аскер адамдары өткөн, жүк жеткирүү боюнча 43 миң учуулар орун алган.

«Авиация, техникалык кызматтар, экипаждар азыр башка жакка которулган. Азыр биз аймакты тазалоо иштерин алып баруудабыз. Кереги жок имараттарды сүрдүрөбүз, айрымдарын кыргыз өкмөтүнө өткөрүп беребиз», -  дейт Миллард.

Борбордун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Макс Диспейн белгилеп кеткендей, америка аскерлери чыгарылган соң, аба майданда өрткө каршы күрөшүү имараты, 2 ашкана, спорттук зал шаймандары менен, 6 чатыр, 20 жатакана эмеректери менен калтырылат. Учурда Манас транзиттик борборунда 1,2 миң кызматкер бар. Алар ушул жылдын 10-июлуна чейин толугу менен Кыргызстан территориясынан чыгарылат.

Поделиться новостью: