КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:26 | 14 жетинин айы

Шаар бийлиги тарабынан каралбай калган Чоң Чүй каналы таштандыга толгон

Дата: 16:21, 27-05-2014.

Каналдын жээгин чөп-чар басып, канал өзү болсо таштандыларга толгон. Бул таштандыларды эч ким тазалабайт жана аны териштирген да киши жок. Дарактарды жергиликтүү тургундар кыйып, тазалоо иштери көптөн бери жүргүзүлбөптүр. Көпүрөөнүн болсо эскилиги жеткен. Жарык жөнүндө сөз кылбай койсок да болот.

ЧЧКлы Кыргызстандагы эң ири канал болуп саналат. Бул каналдын жээгин бойлой эс алуу үчүн ынгайлуу шартарды түзсө болот. Бирок бул иштерди жасоого биздин бийликтегилердин моюну жар бербейт көрүнөт.

«Биз шаар мэриясынан ЧККга көңүл буруусун сурандык. Себеби канал аябай эле кирдеп кеткен. Бул жерди эч ким тазалабайт. Бийлик чоң таштанды ыргытуучу жай экенин билбейт, билсе да билмексенге алышат», - деп тынчсызданат жергиликтүү тургун Абакир Жумадилов.

Анын сөзүнө караганда, бул жерде 7 кварталга 4-5 таштанды салгыч бар. Таштанды салуу үчүн 20 -25 минут жөө басканга туура келет. Таштанды салгычтар жумасына бир жолу да тазаланбайт. Ошондуктан тургундар өзүлөрүнө жакын жерден каналга таштанды ыргытып жатат.

Быйылкы жазды тургундар өзүлөрү демилге көтөрүп, ЧЧКнын жээгин тазалап чыккан.

«Муниципалитеттин кызматкерлери, бир жылда бир жолу, жазында келип каналдын жээгин тазаламыш болушту. Бирок эптеп эле эл көзүнө көрүндү да кетип калды»,  - деп нараазы болду шаар тургуну Мария Степанова.

«Биз аялым экөөбүз жумуштан кийин канал бойлоп сейилдегенди жакшы көрөбүз. Анткени ЧЧКлы шаар ызы-чуусунан алыс, тынч жер, табияттын бир бөлүгү. Биз эми карыдык, шаар ичинде сейилдегенди биздин ден-соолугубуз көтөрбөйт. Сейилдеп жүрүп бир жерде жакшы отуруп тамактанып, эс алалбайсың. Бүт жак таштанды. Каналды карасаң, кандай кооз. Эгер бийлик жакшы көңүл бурса, каналды оңдоп коет эле», - дейт  пенсионер жергиликтүү тургун Султан Таиров.

Поделиться новостью: