КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:33 | 14 жетинин айы

Сузак районунда 6 адам жер көчкү астында калып каза болду

Дата: 10:37, 25-05-2015.

Бишкек. 24 мая. КирТАГ - Айзура Чыкынова. Сузак районунда 6 адам жер көчкү астында калып каза болду. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматынан билдирди.

«2015-жылдын 24-май саат 12:30га карата кошумча маалымат. 2015-жылдын 24-майы түнү саат 01:49 чамасында Жалал-Абад облусунда жайгашкан Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыржол айлында Жер көчкү түшүп, 5 үйдү басып, 6 адам көчкүнүн астында калып калган.
Каза болгондордун сөгүү табылып, жерге узатуу зыйнаты болуда», - деп айтылат билдирүүдө.


Каза болгондор:

1. Кенжебай кызы Элнура, 1995-жылы туулган;
2. Калыбек уулу Мирлан, 2005-жылы туулган;
3. Калыбек кызы Зарина, 2009-жылы туулган;
4. Алымбеков Аттокур, 1958-жылы туулган;
5. Сейдалиева Жамиля, 1958- жылы туулган;
6. Аттокур уулу Нуржигит, 2012-жылы.

12 жабыркагандар тез жардам кызматкерлери райондук ооруканага жеткирилди:
1. Кенжебай Алимбеков, 1965-жылы туулган;
2. Аттокур уулу Азам, 1992-жылы туулган;
3. Айжамал Кыязова, 1992-жылы туулган;
4. Зияда Исмаилова, 1978-жылы туулган;
5. Сүйүмкан Маткалыкова, 1999-жылы туулган, Сузак райондук ооруканада дарыланууда.

7 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.  

Жабаркаган 5 турак үйгө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 10 орундук 10 даана чатыр жана убактылуу турмуш-тиричилик буйумдар менен камзылдалууда.

Поделиться новостью: