КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 15:08 | 23 аяк оона

Талды-Булак сол жээк кен заводунунун курулуш иштери 48% га аткарылды

Дата: 06:00, 01-01-1970.

Маалым болгондой комбинаттын курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын 30 июнунда бүтүшү керек эле. Ага карабай курулуш компаниясы завод сентябрдын аяк ченинде ишке түшөөрүн айтууда.

«Эгер курулуш иштери биз пландагандай жүрүп турса, завод сентябрдын аяк ченинде ишке түшөт. Азырынча курулуш иштеринин 48% бүттү», - деп маалымдады «Алтынкен» компаниясынын өкүлү Ван Ган.

«Кыргызалтын» ААКнун төрагасынын орун басары Сагынбека Абдрахмановдун айтымында долбоордун жалпы суммасы 246 млн $ болуп, анын105 миллиону иштетилген.

«Долбоор өзүнө дагы 36 долбоорду кошуп алган.  Мамлекет тарабынан берилүүчү жана керектүү жерде талап кылынуучу документтердин баары бар, такталган. Учурда  17 долбоорго уруксат берилген. Иш кагаздардын убагында бүтпөгөнүнө байланыштуу курулуш иштери кечигип атат», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек. Талды-Булак сол жээк кени Кыргызстандагы ири кендердин бирии болуп саналат. Алтындын 40% акциялары «Кыргызалтын» ААКна 60% болсо  Superb Pacific Limited атуу кытай компаниясына тиешелүү. Алтынды Superb Pacific Limited ири компаниясынын филиалы болуп иш алып барган  Zijin Mining копманиясы казууда.

Алдын ала изилдөөлөр ал жерде 78 тонна алтын, 5 тоннага жакын күмүш бар экендигин көрсөтүүдө.


Поделиться новостью: