КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:03 | 25 аяк оона

Йозеф Блаттер Кыргызстанда аялдар футболу жана суу футболун өнүктүрүүнү сунуштады

Дата: 06:00, 01-01-1970.

«Биз Кыргызстандын футбол федерациясын колдошубуз керек. Президент Алмазбек Атамбаев менен жолукканда  футболдун башка багыттарын өнүктүрүү тууралуу бир топ суроолорду талкууладык. Аялдардын футболун өнүктүрүү, футболдук аянтчаларды куруу жана ошондой эле суу футболун өнүктүрүүдө керектүү курулуш иштерин жүргүзүү тууралуу сүйлөштүк», - дейт ФИФА президенти Йозеф Блаттер.

Анын сөзүнө караганда, Кыргызстан акыркы жылдары футбол боюнча бир топ ийгиликтерге жетүүдө.

«Кыргыз улуттук футбол командасы «Кубокко чакыруу» долбоорунун алкагында Малдавадагы кубокко катышат. Анда Кыргызстан Австралия менен жарышка түшүп калышы мүмкүн», - деп кошумчалады ал.

«Мен Кыргызстандын футбол федерациясынын жетекчилиги тарабынан атайын чакырылгандыгыма абдан кубанып жатам. Атайын  чакыруу жана Атамбаев менен ой пикир алмашуу абдан кызыктуу болду», - дейт Й.Блаттер.

Поделиться новостью: