КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:18 | 21 жетинин айы

ЖКК депутат Мырзабековдун унаасын токтотту

Дата: 10:20, 22-10-2014.

Бишкек. 22 октября. КирТАГ - Айзура Чыкынова. Жогорку Кеңештин («Ата-Журт» фракциясы) депутаты Кантемир Мурзабеков анын унаасын токтоткон ЖКК инспекторун сөгүп салган. Бул окуя тууралуу КР ИИМ жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы шейшембиде билдирди.

«ЖКК инспектору документтерин текшерүү максатында караңгылатылган Suburban (мамномери 0025 KG) автоунаасын токтоткон. Инспектор келип тартипке жараша өзүн тааныштырган. Унаанын ичинде ЖК депутаты Кантемир Мурзабеков болуп чыккан. Депутат унаасын токтотконго нааразычылыгын билдирген. Оозга алгыс сөздөр менен сөгүнүп баштаган», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Чатак болуп жаткан маалда аянттын жанында ЖКК башчысы Талант Исаев да болгон. Ал окуянын чоо-жайын билүү үчүн басып келген. Мекеменин маалыматы боюнча, депутат Исаевге нааразычылыгын билдирип, анын «депутаттык кол тийбестиги» бар болгондуктан токтотууга болбой тургандыгын айткан.

«Депутат мекеме башчысына акарат кылган жана Бишкек шаарынын ИИББ ЖКК башчысынын милдетин аткаруучу Эрлан Атантаевди да сөгүп, андан соң унаасына отуруп кетип калган», - деп билдирди мекемеден.

ЖКК билдиргендей, бул чатак боюнча Жогорку Кеңешке расмий кат жөнөтүлгөн.

«ЖКК башчысы Талант Исаев маалымдагандай, Жогорку Кеңештин этика бонча комитетине мекеме башчысы менен депутаттын ортосундагы чатакты кароо жөнүндө кат жөнөтүлөт», - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, чатак 20-октябрда Ала-Тоо аянтында  ОФ федерация кеңешинин башчысы Валентина Матвиенконун сапарына байланыштуу тартипти камсыздоо учурунда чыккан.



Видео Кыялбек Тойчиевдики (http://www.youtube.com)

Поделиться новостью: