КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:07 | 22 аяк оона

Бажы биримдигине кирүү, кыргызстандыктардын керектөө товарларынын 80%ын кол жеткис кылат

Дата: 15:31, 27-02-2014.

  Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн оң жана терс жактарын, казак теңгесинин девальвациясынын сомго тийгизген таасири тууралуу КирТАГга экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарбаев айтып берди.

- Бажы биримдигине кирүүнүн оң жана терс жактарына токтолсоңуз?

- Бажы биримдиги, экономикалыкка караганда, саясий бирикме. Белгилүү үч өлкө экономикаларын коргоо максатында ушул бирикмени түзүшкөн. Эгерде, биз биримдикке кирсек, биз үчүн эң башкы пайдалуу фактор бул ушул өлкөлөр менен экономикалык жана саясий байланыштарыбызды бекемдесек болот. Башкы принциби, алыскы чет өлкөлөргө караганда, коңшу мамлекеттер менен экономикалык жана башка мамилелерди түзүп жакын болгонубуз артык деген түшүнүк. Биз Казахстан жана Орусия  менен түптолүп калган экономикалык алакаларыбызды үзбөшүбүз керек.  Ошондой эле, биз ШККУ  жана ЕврАзЭС мүчөлөрүбүз, ал мамлекеттер менен көп нерселер байланыштырып турат. Андыктан биримдикке кирүү биздин мамилелерди бекемдөөнүн дагы бир жолу болуп калмакчы.

Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болуп саналат. Ал эми, ушул эле үч  өлкө, Орусия, Казахстан жана Беларусия ушул уюмга кирүү аракеттерин көрүп келишет. Орусияны бир катар шарттар менен кабыл алышса, казактар менен беларустар ошол эле жолдо. Демек, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү зарылчылыгы өзүнөн өзү жоюлуп калууда. Анткени, бул өлкөлөр биз менен Дүйнөлүк соода уюмунун шарттарында иштеп калышат. Бул ачык чек аралар, либералдуу экономика, либералдык экспорт, импорт.
Бирок, азырынча Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузат. Кыргызстандын ички рыногу товарлар жана азык түлүккө болгон бааларды Бажы биримдигиндеги мамлекеттерге теңдеп көтөрүүгө мажбур болот. Ал эми, калктын киреше деңгээлин ал өлкөлөрдөгү киреше менен салыштырып болбойт.

Биз товарлардын дээрлик 80%ын Туркия жана Кытайдан импорттойбуз. Орусия менен Казахстан керектөө товарларын сунуштабайт. Алардан биз, күйүчү жана майлоочу май, жыгач, маталл алабыз. Андыктан, Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузуп, Бажы биримдигине кирүү зарылчылыгы 4,5 млн-дон ашык атуулдарга сокку болот.

Жумушсуз калып, чет элдерге иш издеп кеткен 1 млн кыргызстандыктарды дагы эстен чыгарбоо керек. Мына аларга кандайдыр бир жеңилдик алуу үчүн, өкмөт Бажы биримдигине кирүү аракетин көрүүдө.

- Бажы биримдигине кирүү маселесин референдумга алып чыгуу керекпи?

- Жок, бул экономикалык жумуш, ал менен өкмөт алектениши керек. Партиялык тизме менен болсо дагы, арасында сабатсыздар, тажрыйбасыздар отурса дагы, криминалдар менен тамырлашкандар болсо дагы, биз парламентти шайлап алганбыз. Кандай болгондо дагы, бизде парламент бар. Жогорку Кеңеш өкмөттү дайындап, өлкөнүн экономикалык маселелерин чечүүнү табыштайт.

- Казахстандагы теңгенин девальвациясы биздин өлкөнүн экономикасына кандай таасирин берет?

-  Казахстанда теңгенин девальвация болоору өткөн жылдын соңунан баштап эле байкала баштаган. Теңгенин курсун кармоо үчүн Казахстан алтын валюталык резервинен белгилүү бир өлчөмдү кетирип турган. Дүйнөдө экономикалык абал  өзгөргөнүнө байланыштуу, АКШ жана башка дүйнө өлкөлөрүнө алтын валюталык абал да өзгөрүлуп, Казахстан көпкө кармана алган жок. Анын үстүнө төлөө балансы да өзгөрүлүп жаткандыгы байкалып жатты. Бул өлкөнүн алтын валюталык резервинен колдоо алып турушу керек эле. Казахстандын Улуттук банкы теңгени эркин сүзүүгө койо берүүнү чечип, бир жылдан бери боло турган нерсе болду.

Бизде дагы алгылыктуу декабрда төмөндөө болуп, январь айынын башында бир АКШ долларына болгон баа 49 сомдон 51,5 сомго чейин  түздү. Бирок, Кыргызстанда Казахстандагыдай сом кескин арзандаган жок. Мындан ары теңгенин такыр баасынын түшүп кетиши болбойт, арзыбагандай гана арзандашы мүмкүн.  Албетте, мындай абалда биздин коңшулар товарды импорттоодо уттуруп койушту. Ал жакта социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөр болот. Теңгенин аманатчылардын абдан көбү уттуруп койушту. Бул Казахстан базарларында иштеп жаткан биздин мигранттарга дагы таасирин тийгизет. Бирок, республикадагы валюталык абалга түздөн түз таасир бере албайт. Сом негизинен дүйнөлүк насыялык уюмдардан жана мигранттардан түшкөн каржана валюталык кажаттардын эсебинен кармалып турат. Бизде экономиканын реалдуу сектору жок. Бизде экономика ачык жана валюталык операциялар либералдуу. Сомдун курсунун өзгөрүшү дүйнөлүк кырдаалга тиешелүү.  Теңгенин кулашы биздин валютанын абалына анча деле таасир бере албайт.

Башка иш, арзандоо казахстандыктардын гана арасында чуу салбай, биздин калктын дагы катуу тынсыздануусун алып келиши мүмкүн.  Балким, эл сомдорун долларга айрыбаштоого ашыга башташат. Ошондо, сомдун курсу түшүп, доллар кымбаттап кетиши мүмкүн. Буга жол бербеш үчүн, калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде, рыноктон доллардын массалык агылышы орун алса, албетте Кыргызстандын Улуттук банкына чоң кыйынчылыктарды алып келет.

- Мунун артында Кыргызстанда азык түлүккө болгон баанын өсүшү болушу мүмкүн да?

- Азык түлүктөргө болгон  баанын өсүшү болсо, ал дайыма өсүп турат, мындан ары да өсө берээрин белгилеп кеткенибиз оң. Бизде реалдуу экономикалык сектор болмойунча, сомдун акырындаап төмөндөшү жана акырындаап азык түлүккө болгон баанын жогорулашы орун ала берет.

- Сиздин пикириңизде электроэнергияга болгон тарифти жогорулатуунун кажети барбы же жокбу?

- Энергосектордогу электорэнергияга тарифтердин бара-бара жогорулап жатышы, калктын да ишкерлердин дагы кыжырын келтирет. Тарифтин бир тыйынга жогорулашы, баардыгына болгон баанын автоматтык түрдө жогорулашын алып келет. Энергетика секторунун жетекчилеринин экономикалык сабатсыздыгы жана дайым эле жарыкка болгон тарифти жогорулатыш керек деген билдирүүлөрү элди ар сар абалда кармайт. Өкмөткө жана президентке ишенбөөчүлүк пайда болот.

Анткени, энерготармак мамлекеттик же жекеменчик экендигине карабастан экономиканын бардык тармактарынын өнүгүүсүн камсыздайт. Тариф канчалык төмөн болсо продукциянын атаандаштыгы ошончолук өсөт. Энергетиктер болсо, тарифти жогорулатыш керек деп эсептейт. Мында алар, экономиканы толугу менен өлтүрүп, туруксуз саясий абалды жана социалдык маселелерди алып келишет.

Поделиться новостью: