КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 22:52 | 22 аяк оона

Бермет Барктабасова, саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты: дары-дармек компаниялары кырыгызстандыктарды коркунучтуу жасалма витаминдер менен камсыздап жатат

Дата: 18:48, 07-04-2014.

Бул иликтөө жарыкка чыкан китептер, илимий монографиялар жана белгилүү статьялардын негизинде даярдалды. Кеп адамдын организмине кошулуп кететурган жасалма кошулмаларга бай сапатсыз дары-дармектер жөнүндө болмокчу. Айрым авторлор, көз карандысыз иликтөөлөрдө белгилүү болгондой, синтезделген витаминдерди системалык түрдө колдонуу адам өмүрүнүн кыскарышына алып келет. Жүрөк ооруларды көбөйтөт. Онкологиялык жана ичеги карын орууларынын келип чыгыш коркунучун туудурат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык суроолорду аныктоо жана клиникалык стандарты иштеп чыгуу боюнча консультанты Бермет Барктабасова КирТАГга, жасалма витаминдерди системасыз жана дарыгердин кеңешисиз колдонгон адамдардын ден-соолугуна канчалык кооптуу экендигин айтып берди.

•    Бермет Касымбековна айтыңызчы, жарым витаминдердин пайдасы жана зыяны тууралуу кандай ачылыштар болду?

- 2004-2005-жылдарда өткөрүлгөн көз карандысыз иликтөөлөрдүн жыйынтыгы, А, С, Е бета каротин жана ошондой эле селена витаминин кабыл алгандардын көпчүлүгүнүн ичеги карын рак оорусуна чалдыгаарын көргөздү. Кийинки изилдөөлөр кан тамыр жана ак кан, ошондой эле организмде Е витамининин көбөйүп бир гана онкологиялык оорулардын келип чыгуу коркунучун туудурбастан, жүрөк орууларына алып келээрин аныктады. 2011-жылы дагы эле Е витамининин көп колдонуу протатит оруусуна алып келери да аныкталды. Окумуштуулар эркин радикалдардын жана антиоксиддердин организмге таасирин аныктаган теория иштеп чыкты. Эркин радикалдарды жүз пайыз зыяндуу деп айталбайбыз, анын пайдалуу жактары да бар. Бирок пайдалуу жагы көппү же зыяны көппү кеп ошондо болуп жатпайбы. Анан адамдар витаминдерге бай антиоксиддерди өлчөмүн көп кабыл алганда организмде тең салмактуулук бузулуп, бул жерден иммунитет начарлап иш организмдин  табигый абалы бузулат.

•    Витаминди кандай профилактикалык жолдор менен кабыл алса болот?

- Адамдын организмине синтетикалык эмес натурал, табигый витаминдер керек. Тилекке каршы биздин өлкөдө соңку жылдары химиялык заттар кошулган жасалма перепараттар кеңири тарап кетти. Белгилүү болгондой аз кыймылдуу жашоо образы, туура эмес тамактануу ар кандай оорулардын келип чыгуусуна себеп болууда. Организм начаралап, анын стресске каршы күрөшүү күчү азайып кетүүдө. Адам чарчап, уйкусу качып, жакшы уктайалбай кыйналса, ооруп башы тегеренсе эле витамин жетишпей жатат деп ойлоп алышат. Бул жаңылыштык. Велосипед, спорт, бий, жөө басуу сыяктуу дени сак жашоо образын түзүүнүн ордуна адамдар дарынканаларга барып кооз баштыкча витамин сатып алып, бир жыл бою баардык кемчиликтеримден арылам деп ойлошот. Бирок бул чоң жаңылыштык. Дени сак организмге комплекстүү витаминдердин кереги жок, ал витаминдер ар кандай оорулардын келип чыгуу коркунчун туудурат. «А», «Е» жана «С» витаминдерин көп убакыт кабыл алуу өлүмгө да алып келиши мүмкүн.

•    - Демек адамдар витаминдер тууралуу туура эмес көз карашта десек туура болобу?

- Ооба дал ошондой. Албетте, бул дарыгерлер арсындагы бир стереотип. Бул стереотип врачтарга бир күндө эле келип калган жок. Бир канча он жылдардан бери элдин аң сезиминде жашап кележатат. Абалды телевизор жана этикага туура келбеген маркетинг андан кыйындатууда. Мисалы, мен бир фармаконференцияда дары-дармек компнаиясынын өкүлү дарыгерлерге, эгер кош бойлуу аялдар витаминдер менен азыктанбаса балдар КРЕТИН болуп төрөлөт дегенин угуп калдым. Биздин өлкөдө жылына жүз миң аял төрөйт. Дары-дармек саткан компаниялардын кирешесин эсептөө кыйын эмес. Калктын кабарсыздыгынан көп нерседен маалыматы жоктугунан пайдаланып, ошондой эле дарыгерлердин билип билмексен көрүп көрмөксөнгө алганынын эсебинен фармаагрессия чоң бизнес жасап жатат.
Эл аралык практикада, фармабизнестин пайдасына чечим чыгарган мамлекеттик чиновниктер бар экендииг аныкталган. Бул компаниялар, бир эле витаминдер менен эле чектелип калбай, дары-дармекке байланыштуу баардык тармактард иш алып барып жатат. Дары сатуучу маркетелогдор «Керектөөчү канча көп болсо киреше да ошончо артат», эгер оорулуу кардарлар аз болуп жатса, дени соо адам бир немелерди сатып алсын деп бир амал айла ойлоп табыш керек» - деп өз ара талкуу жүргүзүшөт. Алардын медициналык билимдин ээси эмес, бирок кандай кылсам көп дары сатып көп акча табам деген билимдин ээси.

«Эгер таң эрте уйкудан ойгоно албай чарчап кыйналсаңыз, эч нерсеге көңүлүңүз тартпай жатса, бат жиниңиз келсе, аз сейилдеп гамбургер, кола жана бутерброд менен тамактансаңыз, анда сизге витамин жетишпей жатат, организимиңиз витаминге муктаж» - бул фармбизнестин жарнамалык амалы. Дарыгердин уруксатысыз эле кабыл ала берсеңиз болот деген жарнама өтө чоң киреше алып келет. Жарнама дарыгердин урукасатысыз кабыл алсаңыз да болоберет жөн эле ырбатып жатат. Бирок адамдын организми натуралдык азыктардан миллион жашка жете турган витаминдерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин унутпашыбыз керек. Базардагы ааламдашуу биздин столду түркүн түскө бөлөдү, экзотикалык мөмө-жемиштер; апельсин, грейпфрут, киви, ананас, мандарин ошондой эле биздин өрүк, алма, курма, чычырканак, ж.б.. Биздин өлкө өзүнүн витаминдик ресурстарга бай өлкө. Бизде витаминге бай мөмө жемиштер жана ошондой эле эт, сүт азыктары жетиштүү.

Бүткүл дүйнөлүк ден-соолукту чыңдоо уюмдун маалыматына ылайык, эгер тамактануу көйгөйү жаралса, азыктардын курамында микро элементтер жетишсизидиги аныкталса, балдар витамини жетишсиздигине жабыр тартат. Мындай жагдайларда өкмөт балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн атайын витаминдештирүү саясатын жүргүзүшү керек.

Витаминдер, сизди рак инфаркттан эч качан эскерпейт, ошондой эле мындай ооруларды эч качан сакайта албайт. Жакшы жетиштүү тамактанып жүргөн киши поливитаминден жабыркайт, жасалма витаминдер организм үчүн өтө зыяндуу.

•    Бирок биздин дыргерлер кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарга, оорулуу жана ден соолугу чың адамдарга жаш кары дебей эле баарына витаминдерди сунуштап жатпайбы?

- Бир тараптан бул жол менен биздин дарыгерлер коргонуп жатат. Балдар дени сак төрөлдү, оорулуулар сакайды иши кылып дарыгерлер карабады деген сөзгө тарабашы үчүн ушундай кадамдарга барып жатышат. Бирок бул туура эмес кадам. Азыр медицинадагы туура жол - бул дүйнөлүк деңгээлде изилдөө жана акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянуу.
Арабызда, организмине витамин жетишпеген жарадамга муктаж адамдар, кош бойлуу аялдар, өспүрүм жаштагы кичинекей балдар да бар.
Кээ бир ичеги карында оруусу бар канды тазалаш зарыл болгон пациентерге гемодиализ колдонгондо организмде каршы реакция жүргөн учурлар да кездешет. Айрыкча жаш өспүрүмдөрдө мындай жагдай көп катталат. Бирок кээ бир ата-энелерди байкасаңыз баланын ден соолугу начарлай баштаса болду аптекага витаминге чуркайт. Кудум ал авитаминоз болгондой. Бул туура эмес. Эң жакшы жол организмдин өсүп өнүгүүсүн камсыз кылган: спорт жана акыл оюндары, тамактанууда,  тең салмактуулукту режимди сактоо, ачык таза абада ойноо керек.

•    Дайыма жаш дарыгерлердин дарегине сын айтылып келет. Дарыгерлерде эскиден калган кандай катачылыктар бар.

- Пациент качан ооруканага келип түшкөндө эле автоматтык түрдө глюкоза С витаминин алат. Биз биздин дырыгерлерде эскиден калган бул адаты эч токтото албай жатабыз. Бирок бир топ дарыларды дайыма эле колдонуу берүүгө болбойт. Элдер гипердиагностиканы,  гипермедицинаны, дары-дармекти жакшы көрүшөт. Кээ бир оор жагдайларда гана орууканага жатышат. Өткөн жылы 5 млн калктын 2,5 млну медициналык мекемелерге кайрылган. Калктын жарымы өзүлөрүн оорулуу деп эсептейт.

•    -Кеңири тараган витаминдерди кандай токтотсок болот?

- Пациенттерге бооруң ооруйт, акчаларын жөн эле коротуп жатышат, жана анысы аз келгенсип пайдасыз дарылардан улам организмине зыян келтирип жатат. Эгер кыргыз дарыгерлери эл аралык медицинанын изи менен кетсе, көптөгөн көйгөйлөрдү чечсе болот. Ошондо гана пациент пайдасы жок перепараттарга акча төлөөдөн жана негизсиз ашыкча ооруканага жаткырылуудан кутулат. Эскирген дарылар тууралуу «Дары-дармек каражаттары» атуу мыйзам бар. Ага кандай өзгөортүүлөр киргизсе болот. Мыйзамда бир нече туура эмес каралып калган жактары бар. Азыр мыйзамдардын эл аралык стандарттарга ыйыктуулугун текшерүү жүрүп жатат. Көп сурролор ачык калууда: биологиялык актив витаминдер, элдик медицина, эмчи-домчу ж.б.. Булардын багытын эч ким териштирбейт, маалымат базасы жок, ар ким өз дүйнөсүндө жашап жатат. Фарма компания да элдик медицина өз-өзүнчө иш алып барып жатат. Рекламаны ким текшериш керек билбейсин, антимонополдук орган жана прокуратурнанын карааны көрүнбөйт.
Мисалы, мына мындай жарнама: «Инопланеталык медицинанын семинарына чакыруу» ал сүлүк курт менен дарылоо сертификатын алуу ж.б.. Бирок бул кооптуу процедуралар узакка барбайт.
Медициналык билими жок лезваны алып венасын кескен антисанитардык шарттарда иштеген адамдар көбөйүп баратат. Бул кооптуу, бирок алардын кызматынан пайдалануу үчүн канчалаган киши кезекте турат.

•    Кырызстанда дары-дармектерди качан коопсуз, ишенимдүү колдонууга качан убакыт келет?

- Азыр 2014-2020 жылга карата дары-дармек саясатын карап чыгуу тууралуу документке кол коюулуп, өкмөттүн кароосуна жиберилген. Фармацефтикалык компаниялар кайсы дарыны колдонуу керектиги тууралуу дарыгерлерди мажбур кылбашы керек. Документте дары-дармектердин сапатын жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек жана ошондой эле баардык дары-дармектерди туура колдонуу керектиги жазылган. Жаңы документте дарыгер жана дары-дармек компанияларынын этикага туура аракеттери үчүн жазаны күчөтүү каралган. Бул витаминдерге да тиешелүү.

Поделиться новостью: