КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:09 | 21 тогуздун айы

Депутат: Минфин экономиканын реалдуу абалын дайыма жашырып келет

Дата: 13:15, 25-09-2018.

Бишкек. 25 - сентябрь. КирТАГ – Альбина Метерова. Кыргызстандын каржы министрлиги экономиканын абалы тууралуу реалдуу маалыматтарды бербейт. Бул тууралуу «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов парламентте билдирди.

«Кыргызстандын экономикасы ыйлагыдай абалда. Бул жерде сиз четке кагып жатасыз. Каржы министрлиги туура эмес маалыматтарды эле берип келатат. Сиз эмне чыныгы абалды билбейт деп ойлойсузбу», - деп кайрылды депутат Каржы министри Адылбек Касымалиевге

Депутат каржы министрине эл аралык уюмдардын Кыргызстандын экономикасы көтөрүлбөй эле төмөндөп жаткан маалыматты айтты.

Белгилей кетсек, парламенттин жыйыныда 2017-жылдапгы бюдежеттин аткарылышы тууралуу маалымат берип жатат.

Поделиться новостью: