КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:08 | 22 аяк оона

Кыргызстанда спирттик ичимдиктер Орусияга салыштырмалуу эки эсе аз колдонулат

Дата: 12:53, 24-08-2018.

Бишкек. 24 - август. КирТАГ – Бириккен Улуттар Уюму спирттик ичимдиктерди көп колдонгон өлкөлөрдү атады. Кыргызстан алкоголду көп колдонгон өлкөлөрдүн негизги тизмесине кирген эмес.

«Известия» басылмасы маалымдагандай, иликтөөнүн жүрүшүндө акыркы 25 жыл спирт ичимдиктерин көп колдонгон 195 өлкөнүн статистикалык маалыматтары топтолгон. Дүйнөдө ар бир төртүнчү киши алкоголь колдонгону же болбосу колдоноору белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, дүйнөдө 2 миллиард киши туруктуу спирттик ичим ичетургандыгы, алардын 63% эркектер экендиги аныкталган. Алкоголдон Африка жана мурунку СССРде көп киши каза болгон.

«Антирейтингде Лесото биринчи орунга чыккан. Эки позицияда Орусия, үчүнчүдө болсо БАР, төртүнчү орунда Украина турат. Ондукка Латвия, Литва, Казакстан жана Беларусия кирген», - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан акыркы 10 жылдан бери  алкоголду көп колдонгон өлкөлөрдүн катарынан чыгалбай келет. Маселен Орусияда калк (15 жаш жана андан чоң курак) 10,5 литр алкоголь колдонгон.  Казакстанда бул көрсөткүч – 8,7. Кыргызстанда – 5,5 литрди түзгөн.


.

Поделиться новостью: