КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 22:29 | 21 аяк оона

Кыргызстанда жыл башынан бери экстремисттик мүнөздөгү 16 сайт жабылган

Дата: 12:31, 12-09-2018.

Бишкек. 12 - сентябрь. КирТАГ – Альбина Метерова. Кыргызстанда жыл башынан бери экстремисттик мүнөздөгү 16 сайт жабылган. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламентте билдирди.

«Кыргызстанда 51 экстремисттик мүнөздөгү 51 сайт аныкталган. Алардын 16сы соттун чечими менен жабылды. Ошондой эле социалдык тармактардагы («Одноклассники» Фейсбук) 8 аккаунт да жабылган», - деп маалымдады Асанов.

ИИМдин маалыматына караганда, экстремизмге шектелип 40 жаран кармалган. Аларга тыюу салынган диний адабияттарды тараткандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.

Поделиться новостью: