КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:13 | 22 бирдин айы

Кыргызстандын тоолуу жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн

Дата: 15:26, 21-01-2019.

Бишкек. 21 - январь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандын тоолуу жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 21-23-январь күндөрү Кыргызстандын тоолуу жолдоруна, анын ичинен Бишкек – Ош жолунун 298-255 чакырымына, Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун  68-99 чакырымына,  Казарман - Актал-Чат жолунун 65-90 чакырымына, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу  95-130 чакырымына жана Каракол-Эңилчек жолунун 45-92 чакырымына кар көчкү түшүшү мүмкүн.

ӨКМ унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Поделиться новостью: