Теңгенин девальвациясы: серепчилер кыргыз валютасынын тенденциялары жана тобокелчиликттери тууралуу

Дата: 13:28, 18-02-2014.

Буга Кыргызстандын Улуттук банкы, өлкөдө суроо талап жана сунуш аркылуу  түзүлгөн рыноктук ыкма менен кармалып турган сүзүү алмашуу курсу кармалып тургандыгы тууралуу маалымат тараткан.  Ошондой эле, Улуттук банк, Казахстандан келген тышкы сестенүүгө карата, $27,13 млн сатып, интервенция кылганын, алмашуу курсунун кескин өзгөрүп турушунан сактоо жана калк арасындагы ызы чууну басыш үчүн, валюталык рынокто накталай жана которуу жолу менен интервенция кылып турууга даяр экендигин жарыялады.

КирТАГ серепчилерге сомдун девальвациясын күтсөк болобу жана кыргызстандыктар эмнеден сактаныш керек деген суроо узатты.
  
Каржы министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы  Азамат Акелеев:

- Казахстан биздин өлкөнүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Андыктан, теңгенин девальвациясы биздин рынокко да таасир этиши мүмкүн. Биринчиден, бизге көп теңгенин агылышынан болжолдуу сестенүү. Бул Кыргызстандагы доллардын курсуна таасирин берет. Өнүгүү жолундагы өлкөлөрдө улуттук валютанын курсунун төмөндөп турушу - бул дүйнөлүк тенденция. Анткени, доллардын көлөмү төмөндөөдө.  Биздин соода мамилелер дагы өзгөрөт. Казахстандан келген товар импорту биз үчүн арзаныраак болот. Ал эми экспорт кымбатыраак болушу шарт. Теңге сомго карата арзандагандыгына байланыштуу, азык түлүккө болгон баа да төмөндөшү керек.

Баарыбызга эле, Казахстан теңгени колдобой калганын маалым. Ал кулады. Ал эми, бизде Улуттук банк азырынча сомдун курсун кармап турат. Бирок, эгерде, улуттук валютанын арзандоо дүйнөлүк тенденциясы уланса, Кыргызстан дагы сомду девальвациялоого мажбур болот. Эгерде, биздин өнөктөшөрдө улуттук валюта төмөндөсө, биздин сом болсо бир калыпта кармалса, экспорт жапа чегип калат.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев:

- Казахстанда теңгенин девальвация болоору өткөн жылдын соңунан баштап эле байкала баштаган. Теңгенин курсун кармоо үчүн Казахстан алтынвалюталык резервинен белгилүү бир өлчөмдү кетирип турган. Дүйнөдө экономикалык абал  өзгөргөнүнө байланыштуу, АКШ жана башка дүйнө өлкөлөрүнө алтын валюталык абал да өзгөрүлүп, Казахстан көпкө кармана алган жок. Анын үстүнө төлөө балансы да өзгөрүлүп жаткандыгы байкалып жатты. Бул өлкөнүн алтын валюталык резервинен колдоо алып турушу керек эле. Казахстандын Улуттук банкы теңгени эркин сүзүүгө койо берүүнү чечип, бир жылдан бери боло турган нерсе болду.

Бизде дагы алгылыктуу декабрда төмөндөө болуп, январь айынын башында бир АКШ долларына болгон баа 49 сомдон 51,5 сомго чейин  түздү. Бирок, Кыргызстанда Казахстандагыдай сом кескин арзандаган жок. Мындан ары теңгенин такыр баасынын түшүп кетиши болбойт, арзыбагандай гана арзандашы мүмкүн.  Албетте, мындай абалда биздин коңшулар товарды импорттоодо уттуруп койушту. Ал жакта социалдык жана экономикалык озгөрүүлөр болот. Теңгенин аманатчылардын абдан көбү уттуруп койушту. Бул Казахстан базарларында иштеп жаткан биздин мигранттарга дагы таасирин тийгизет. Бирок, республикадагы валюталык абалга түздөн түз таасир бере албайт. Сом негизинен дүйнөлүк насыялык уюмдардан жана мигранттардан түшкөн каржана валюталык кажаттардын эсебинен кармалып турат. Бизде экономиканын реалдуу сектору жок. Бизде экономика ачык жана валюталык операциялар либералдуу. Сомдун курсунун озгөрүшү дүйнөлүк кырдаалга тиешелүү.  Теңгенин кулашы биздин валютанын абалына анча деле таасир бере албайт.

Башка иш, арзандоо казахстандыктардын гана арасында чуу салбай, биздин калктын дагы катуу тынсыздануусун алып келиши муүмкүн.  Балким, эл сомдорун долларга айрыбаштоого ашыга башташат. Ошондо, сомдун курсу түшүп, доллар кымбаттап кетиши мүмкүн. Буга жол бербеш үчүн, калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде, рыноктон доллардын массалык агылышы орун алса, албетте, Кыргызстандын Улуттук банкына чоң кыйынчылыктарды алып келет.

Азык түлүктөргө болгон  баанын өсүшү болсо, ал дайыма өсүп турат, мындан ары да өсө берээрин белгилеп кеткенибиз оң. Бизде реалдуу экономикалык сектор болмойунча, сомдун акырындаап төмөндөшү жана акырындаап азык түлүккө болгон баанын жогорулашы орун ала берет.

Мындан тышкары, энергосектордогу электорэнергияга тарифтердин бара-бара жогорулап жатышы, калктын да ишкерлердин дагы кыжырын келтирет. Тарифтин бир тыйынга жогорулашы, баардыгына болгон баанын автоматтык түрдө жогорулашын алып келет. Энергетика секторунун жетекчилеринин экономикалык сабатсыздыгы жана дайым эле жарыкка болгон тарифти жогорулатыш керек деген билдиүүлөрү элди ар-сар абалда кармайт. Өкмөткө жана президентке ишенбөөчүлүк пайда болот.

Анткени, энерготармак мамлекеттик же жекеменчик экендигине карабастан экономиканын бардык тармактарынын өнүгүүсүн камсыздайт. Тариф канчалык төмөн болсо, продукциянын атаандаштыгы ошончолук өсөт. Энергетиктер болсо, тарифти жогорулатыш керек деп эсептейт. Мында алар, экономиканы толугу менен өлтүрүп, туруксуз саясий абалды жана социалдык маселелерди алып келишет.

КРнын соода жана тейлоо ишканалар рынок  Ассоциациясынын Президенти Сергей Пономарев:

- Казахстандагы теңгенин девальвация болушу, бизге дагы таасирин тийгизбей койбойт. Эл колдоно же алмаштыра албай калган ашык теңгелер бизге агылат. Бул теңгени сомго, сомду долларга айрыбаштоо. Биздеги валюта алмаштырып иштеген ишкерлер сөзсүз түзүлгөн кырдаалдан колдонуп калышат. Колдонуп койушту десек деле болот. 11-февралда долларды сатуу 52,5 сомду тузду. Доллар, рубль жана теңгени Улуттук валютага  карата алып сатуу орун алып деле калды. Бул бүгүн жана эртең дагы болот.  

Биздин сомго жыйырма жыл болду. Биздин валюта өзүн туруктуу көргөзө алды. Жогору төмөн салмактануусу болот, бирок бара-бара турукташат. Биз азыр калкып турабыз. Улуттук валютанын девальвациясы болбойт.  
Кыргызстанда Казахстан менен Орусияга салыштырмалуу катуу жөнгө салуу жана улуттук валютанын курсун жасалма кармоо жок . Казахстанда болсо, социалдык блокко карата чоң милдеттери бар. Андыктан, балким социалдык милдеттерин жеңилирээк аткаруусу үчүн бул кырдаал мамлекетке пайдалуу.

Поделиться новостью: