КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:39 | 21 аяк оона

Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Азим Нарынбаев: «Эски терилерди кайнатып жеген күндөрүбүз болгон»

Дата: 13:53, 30-04-2014.

КирТАГ маалымат агенттигинин журналисттери жеңиш майрамына карата бизге жаркын жашоо тартуулаган аталарыбыздан кабар алууну туура көрдү. Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин бири  Азим Нарынбаевдан  интервью алдык.

Нарынбаев Азиз Исажанович 1924 жылы 24 апрелде Кара-Кол шаарында туулган. Кесиби мугалим. 1942 жылы өз эрки менен Советтик армияга кабыл алынып, Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан. Согуштун айынан экинчи топтогу майып болуп калган.

Азим ата, өзүңүз жөнүндө кеп салып берсеңиз…

- Менин улутум уйгур. Карак-Колдон сегиз жылдык мектепти бүттүм. Он жети жашымда педогогикалык техникумду бүттүм. Андан кийин согуш башталып калды. Он жети жашыбызда согушка барабыз деп аттанганыбызда, жашыңар жетпейт деп, урукасат бербей койгон. Ал убакта мекенди коргоого үгүттөө аябай күчтүү болчу. Жаштарды мекенчил сезимде тарбиялоо өтө күч болгон. Радио, ТВ, кинодон патриатизим маселеси аябай күчтүү чагылдырылган. Ошол убакта «Три танкиста» деген кинолор чыккан. Ал кинолорду көрүп алып, танкист болом деп көкүрөктү каккылап, танкисттердин кийимдерин кийип алып чуркап жүрчүбүз. Биринчи курсту бүткөндөн кийин өз эрким менен согушка кеттим. Бирок танкист болбой, артиллерист болдум. Кичинекей пушканы атка сүйрөтүп жүргөнүбүз азыркыга чейин көз алдымда турат.


Кайсыл фронтто болдуңуз?

- 1942 жыл август айында, Москванын астына барып түштүм. Андан кийин мени Беларус фронтунда которушту. Ал жерде мен көп согушка катыштым. Ошонун бири  Курскдагы салгылашуу болду.  Ошондо биз немисттердин мизин кайтарганбыз. Андан кийин немисттер чабуулга өтө албай, чегине баштады. Курсктагы согушта биз жеңдик. Ошол ийгилигим үчүн мага жакында Курскийден медаль жиберди. Менин эки нерсеге: биринчиден жакшы медаль алганыма, экинчиден компартияга мүчө болгонум абдан кубандым. Ал кезде компартияга мүчө болуу оңой эмес эле.

Он сегизге толбогон бала үчүн фронттун талаптары оор болгон жокпу?

- Бизде тартип күчтүү болчу. «Душмандын эч нерсесин алба! Өлгөн адамдын эч буюмдарына тийбе!» -  деген чакырыктар кинолордон көрсөтүлүп, гезиттер аркылуу таратылчу. Бирок мен бир нерсени буздум (күлүп, өкүнгөнсүп). 7-ноябрь 1943 жылы немистер катуу чабуулга өтүп, айыгышкан кармашуу болду. Ошондо маалыматтык бюро бизди унутуп коюуп, эки-үч күн кабар албай койду. Эч кандай жардам келбегендиктен отуз-кырк километрге артка чегинүүгө аргасыз болдук. Немистер бизди курчап алды. Биздин жоокерлер кырылып, өлүп жатат. Ошондо мен бир немис менен бетме-бет келип, тиктешип туруп калдык. Ангыча болбой артыман бирөө мылтыктын кундагы менен чапты дейсиң, жер кучактап жатып калдым. Эсим ооп, тынч уйкуга кетиптирмин. Кудум согуш болбогондой айлана тып тынч. Жарадар болуп онтогондордун үнү кулагыма араң-араң угулат. Көзүмдү ачсам оозума кан уюп калыптыр. Түкүрсөм канга аралаш тиштерип түштү. Көрсө тишим талкаланып калган экен. Суусаганымды айпа, чуркап барып, өлгөн немистин жанынан флягадагы аракты бир көтөргөн бойдон жутуп алдым. Жаным жай алып жатып, уктап калыптырмын. Ойгонсом биздикилер женген экен. Ошондо мен бир нерсени буздум, немистин арагын ичтим. Апам эчтекеге тийбе деген эле… душмандын арагын алып ичкенге аргасыз болдум …

Дагы кандай ары кызыктуу ары кайгылуу окуяга күбө болдуңуз?

- Бизде фронтто эртең менен ар бир жоокерге тамак бөлүп берет. Биз аны эртең менен түшкө, кечке деп үчкө бөлөбүз алабыз. Бир убакта бир бала «мен мунун баарын бир жолу эле жеп алам. Бүгүн өлөм, андан көрө жеп алайын» - деп баарыбызды таң калтырды. Жоокердин бул сөзүнө же күлөрүбүздү, же ыйларыбызды билбей таң калып туруп калдык. Ал болсо айтканын жасап, тамагынын баарын бир жолу эле жеп алды. Бир убакта немистер чабуул жасап калды. Биз мөндүрдөй жааган октун астында калып калдык. Окопко жашынып алганбыз, эч нерсе көрүнбөйт, буруксуган түтүн… Бир маалда пушка түптүз эле биз жашырынган окоптун жанын келип түштү. Жанакы бала ошол жерде эле, менин көз алдымда өлүп калды. Мен ошондо, эки кишинин өлөм деп айтып, чынында эле өлгөнүнө күбө болдум. Андан кийин адамда ушундай өлөөрүн алдын ала билген сезим болот окшойт деп ойлоп калдым.

Согушта эсте калган жакшы күндөр да болдубу?


- Ар дайым кайгырып капалануу эмес, кубанган күндөрүбүз да болду. Үйдөн кат келсе кубанганыздан өзүбүздү коерго жер таппай калаар элек. Медаль, орден алган күндөрү өзүнчө эле майрам болуп кетчү. Медаль алганда бизге арак берчү, аракка медалды салып чайкап туруп,  айлантып ичип, ооз тийчи элек. Сага да болсун, сага да болсун деген салтыбыз болчу.

Кандуу согушта жаракат алган болсоңуз керек?


- Беларус фронтунда, советтик армия Минскти курчап алды. Минскти курчагандан кийин, немистер бир жерге күч топтоп, курчоодон кутуулуга аракет жасай баштады. Бизди болсо Минсктин батыш жагына коюуп койду. Танкка каршы отряд душманды курчап турабыз. Немистер курчоону бузуп чыкмай болуп, танкка каршы артилерияны аткылай баштады. Ок жамгырдай жаап жатат. Байланыш болсо үзүлүп калган. Жанымдагылардын баары жарадар болуп жатат. Мен коркуп мага да качан ок тийип калат деп төбө чачып тик туруп, аргасыздан баш көтөрүп душман менен күрөшүп жаттым. Бир убакытта ордуман турайын десем эле бул бутум (оң бутун көрсөтүп) артка кайрылып калыптыр. Көрсө, ошондо мага танканын снарядынын огу тийген экен. Кызуу үстүндө билбептирмин… Азыр мына бул бутум жакшы, бул болсо (жарадар болгон бутун көрсөтүп) иштебейт. Алган жаракаттын кесепетинен чепке алып барды. Андан кийин гипс коюуп койду. Ушунчалык кычышат дейсиң…чыдайалбам… бутумду карасам кантала (КЛОП) уюгуп алып канымды соруп жаткан экен. Тим эле кумурскадай быжырайт (ичиркенип). Ошонун баары канымды соруп жаткан экен көрсө, жеп жыргап атыптыр. Тазалыкка көңүл брулбагандыктан, чептеги кроваттарга кантала үйөлөп алган болчу. Андан кийин мени Саратов шаарындагы госпитальга жиберген.

Согушта, сиздин жаныңызда жүрүп куралын таштап качып кеткен жоокерлер болдубу?

- Бир нерсени айта кетейин, немистер тыңчыларды көп жиберчү. «Биз жакка өткүлө согуш бат бүтөт» - деп биздин жоокерлерди азгырчу. «Согушсаңар өзүңөр эле өлөсүңөр, андан көрө бизге кошулсаңар, эртерээк согуш бүтөт. Силер да эртерээк үйүңөргө кетесиңер», - деп үгүт жүргүзөт. Ошого кээ бирөөлөр ишенип, менин командамда бир казак жигит, кырк жаштарда болсо керек эле ошондо… немистерге кетип калыптыр … Немистер жакшы мамиле кылат экен, «өлгөндөн көрө немистерге өтүп аман калам» - деген ойдо мылтыгын таштап немистерге кетип калыптыр. Мылтыгы жатат өзү жок. Бат эле тинтүү болуп кетти. Байланыш күчтүү да. Бир убакта ал кайтып келет…(коноктойт аны, жүгөрүнүн нанын берет, көрдүңбү мына кандай сыйлайбыз. Жалгыз келипсиң башкаларды да алып кел деп). Кайра келгенден кийин, ошо жерден эле аскер трибунага сотко алып кеткен.

Азиз ата кечиресиз, сөзүңүзгө аралжы, ошол душманга өтүп, чыккынчы болуп кеткендерди кармап алса кандай чара колдончу эле?

- Качып, жашырынып жүргөн аскерлерди ордунда эле атып салбай, кайра аскердик бөлүккө  алып келчү. Бизди көзүбүзчө өзүлөрүнө гөрүн каздырып, атып, көмүп салчу. Муну менен «Силер да ушундай чыккынчылык кылсаңар, ушулардын күнүн көрөсүңөр» - деп ишара белги берчү. Бир жолу бир жоокер согуштан оңой кутулуунун жолун издеп атайын колуна атыптыр. Аны болсо госпиталда дарылап айыктырат. Андан кийин, өзүнүн аскердик бөлүгүнө алып барып атып салат. Мына тартип кандай болгон.

Биз согуштун кандай болгонун китептерден, кинолордон гана билип калдык. Негизи согуш талаасында чыныгы атмосфера кандай болгон ?

- Бизди ачка калсын деп немистер алгач эле тамак аш жүктөлгөн вагондорду талкалачу. Үч төрт күндөп ачка калып кетебиз. Ошондо эч ким мен согушка катышып атам, мен ачка калдым, тигиндей мындай деп ооз ачпайт, милдет кылбайт болчу. Тартип ушунчалык күчтүү эле. Эски терилерди кайнатып жеген күндөрүбүз болду. Китептерде болсо мындайларды жазбайт. Жеңиш жагын гана чагылдырат. Согушта катышкан кишилер мунун баарын жакшы билебиз. Танка жарылганда эшиги ачылбай калып, тирүү күйүп кеткен досторубуз да болду.

Берлинге барып жеңиш туусун орноттуңузбу анан?

- Жок жок… Минскте жарадар болгондон кийин 1944 жылдын июнь айларында Саратовдо алты ай дарыландан кийин колтук таяк менен үйгө келдим (1945 жыл январь). Согуш бүткөндө мен үйдө болдум. Бир жагынан жеңишти көрүп жатканыма кубансам, экинчи жагынан досторумду жоготконума капа болдум, жүрөгүм эзилди. Алар да тирүү болгондо мендей болуп тынчтыкты көрөт эле, жаш эле көз жумуп кетишти. Алардын да согуш бүткөндөн кийин, кылам деген ой-максаттары көп эле (көзүнө жаш алып). Аларды ойлогон сайын немисти тишиң менен чайнап өлтүргүн келет. Тирүү кармап, бууп, өлтүргүн келет…(ыйлап алды).

Келиңиз ата, эми жакшы күндөргө кайрылалы, согуштан кийинки жашооңуз кандай болду?

- Согуштан келгенден кийин, 1947 жылы педогогикалык техникумду кызыл диплом менен бүттүм. 1950-1952 жылдары Ломоносов атындангы Москва университетинде философия факултетинде аспирантурада сырттан окудум. Ал жакта кандидаттык диссертация жактадым. 1953 жыл октябрдан 1968 жылдарга чейин жогорку окуу жайларда иштеп, жөнөкөй мугалимден тартып, ректорлукка чейин көтөрүлдүм. 1968 жылы Кыргыз Илимдер Академиясынын философия жана укук секторуна жетекчи болуп дайындалдым. Ал жерде философия илимдеринин академиги, илимий кызматкер болдум. Азыр да Илимдер Академиясында илимий кызматкер болуп иштеп жатам.

Жубайыңыз менен кандай таанышып калдыңыз?

- Бизди ата-энебиз тааныштырган. Менин апам Раялардын (аялынын аты) үйүнө барып иштеп, жакындан тааныш болчу. Согуштун астында татардын кыздарына үйлөнүү өзүнчө бир салт болгон. Эмне үчүн? Алар акылдуу болгон…сулуулугу да болгон   (күлүп).

- Биз бай эмес элек, дейт аялы.
-Согуштан келгенимде бул 10 класста болчу (аялын көрсөтүп). Жаш кыз эле.

Аялы сөзгө аралашып, « эжем да бар болчу, эжем менен жүргөн бул», деп күлдү.

- 49 жылдан бери чогуу түтүн булатып келетабыз. Эки кыз, бир уулубуз бар. Төрт небере, төрт чеберелүү болдук.

Ошол согуш мезгилинде да азыркыдай талап-тоноочулук, мародерлук деген түшүнүктөр бар беле?

- Согуш убагында ууру, бирөөнүн бир буюмун тартып алуу деген болгон эмес. Бири-бирин колдоп кыйынчылыктарды чогуу женген. Майданда жүрсөк да, өлгөн адамдын буюмдарына тийбейт элек. Бирөөнүн кыпындай бир нерсесин албайт элек. Бизге фашисттер өлгөн адамдардын алтын тиштерин сууруп алганын, жакшы буюмдарын тартып алганын фильмдерди көрсөтчү. «Силер мындай жапайы, айбан, жырткыч болбогула» - деп катуу талап койду. Азыр Кудайга шүгүр, тынчтык мезгил. Ошого карабастан ууру барбы бар, бирөөнү талаган барбы бар, көралбастык барбы бар, айрыкча саясатчыларыбыздын арасында ушундай нерселер көп болуп жатат. Жакшы турмуштун баркын билбей жатабыз. Турмуш жакшы, ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша иштеп жатат.

Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн кандай иштерди жасаш керек деп ойлойсуз?

- Турмушту оңдош керек, анын үчүн илим-билимге көңүл буруп, жакшы адистерди даярдаш керек. Өлкдө эмне болуп жатканын жашырбай айтып, жаш адистердин иштөөсүнө жол ачуу зарыл. Азыр маалыматтын заманы. Илимий техниканы жакшы өздөштүрүү бүгүнкү күндүн бирден бир талабы болуп эсепетелет. Ар бир улут күндө өсүп, өнүгүп, кыскасын айтканда азыркы доордун адамдары болушу керек. Сөз менен эмес жүрүш турушу кылган эмгеги менен үлгү болушу зарыл.


Биздин балдарыбыз согуш эмне экенин китептен, кинодон билсин. Согуштун жүзүн көрбөсүн, ылайым!

Поделиться новостью: