КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:35 | 21 аяк оона

Кыргызстандын мугалимдеринин маянасын көтөрүүгө 2 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнөт

Дата: 15:32, 02-06-2015.

Бишкек. 2-июнь. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Кыргызстандын мугалимдеринин маянасын көтөрүүгө 2,2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу КР билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан шейшембиде билдирди.

«Мектеп мугалимдеринин маянасын көтөрүү жөнүндө чечим бекитилип болду. КР билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын айтымында, чечим бүгүн өкмөттүн кезексиз жыйынында катталды», - деди мекемеден.

Белгиленгендей, бөлүнүп жаткан 2,2 млрд сом үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта айлык акыны көтөрүүгө жумшалат.

«Бул жаңылык биздин баардык мугалимдерге багытталат. Мектептеги билим берүүнүн сапаты түздөн түз мугалимдерге байланыштуу. Министрлик муну менен эле токтолуп калбайт, мындан ары да мугалимдин статусун жогорулатуу боюнча иш алып бармакчыбыз», - деди Э. Сариева.

Поделиться новостью: