КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:31 | 14 жетинин айы

Валерий Белокондун доо арызы боюнча Кыргызстандын Центеррадагы 6 млн акциясы камалды

Дата: 15:25, 03-03-2015.

Бишкек. 3-март. КирТАГ —  Латвиялык ишкер Валерий Белокондун доо арызы боюнча, Онтарионун жогорку соту Кыргызстандын Центеррадагы 6 млн акциясын камакка алды. Бул тууралуу Belokon Holdings компаниясы билдирди.

«Онтарионун жогорку соту Centerra Gold компаниясындагы Кыргызстанга тиешелүү 6 млн 500 миң 240 акциясын камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Алардын баалуулугу 20,5 млн канада долларын түзөт», - деди компаниянын басма сөз кызматы.

В. Белоконь, өзүнө тиешелүү болгон «Манас Банк» ЖАКын 2010-жылы улутташтырылгандыгы үчүн компенсация талап кылып, Онтарионун сотуна кайрылып, анын доо арызы канааттандырылган. Париждеги арбитраждык сот 2010-жылы 24-октябрда мүлк мыйзамсыз экспроприацияланган деп таап жана Кыргызстандын өкмөтүн Белоконго $16,5 млн компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кыргызстандын министрлер кабинети көрсөтүлгөн мөөнөттө ал каражатты төлөп бербегендиктен, В. Белоконь канаданын сотуна кайрылган. Эми Онтарионун соту арбитраждык чечимди аткарууга мажбурлоо жөнүндө чечимин чыгарышы зарыл.

Поделиться новостью: