КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:12 | 24 аяк оона

Ош шаарында сыналгы чыгарыла баштады

Дата: 17:12, 03-08-2015.

Бишкек. 3-август. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Ош шаарында сыналгы чыгарыла баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан дүйшөмбүдө билдирди.

«Ош шаарында кыргыз-кытай биргелешкен «Жим-Мей» ишканасынын базасында «Hisense» үлгүсүндөгү LCD сыналгылары чыгарыла баштады. Диагоналы 40 дюмдук 150 сыналгы чыгарылды», - деди мэриядан.

«Жим-Мей» ишканасынын жетекчиси Ли Дундун айтымында, сыналгылар текшерүүдөн өткөрүү үчүн Бишкек шаарынын лабораториясына жөнөтүлдү. Лаборатория тарабынан жактырылгандан кийин өнөр жай өндүрүшү жолго коюлат. Пландалгандай, Ошто чыгарылган телевизорлордун баасы базар баасынан 1,5 эсеге төмөн болот.

Ишкананын долбоордук кубаттуулугу – күнүнө 100 сыналгы.

Поделиться новостью: