КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:02 | 26 аяк оона

Кыргызстанда бир адамга болгону 14,8 чарчы метр турак жай туура келет

Дата: 12:14, 04-08-2015.

Бишкек. 4-август. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Кыргызстанда бир адамга талапка ылайык 18 чарчы метр эмес, болгону 14,8 чарчы метр турак жай туура келет. Бул тууралуу «ЖИА» бизнес ассоциациясынын курулуш комитети шейшембиде билдирди.

«Кыргызстандын калкы 5,6 млн адамды түзөт, бир адамга болгону 14,8 чарчы метр турак жай туура келет. Ал эми талап боюнча 18 чарчы метр болушу зарыл, натыйжада тартыштык 3,2 чарчы метрди түзүп калат», - деди комитеттен.

Белгиленгендей, чындыгында турак жай фонду зарыл болгон 101,7 чарчы метр эмес, болгону 83,6 млн чарчы метрди түзөт, тартыштык – 18,1 чарчы метр.

Белгилей кетсек, 2013-жылы Кыргызстандын аймагында 906,7 миң чарчы метр турак жай аянты эксплуатацияга берилген, 2012-жылы – 825 миң чарчы метр, 2011-жылы 865,2 миң чарчы метр, 2010-жылы 735 миң чарчы метр.

Муну менен курулуш тармагы өлкөдөгү жумушчуларды иш менен камсыз кылуу боюнча үчүнчү орунда турат.

Поделиться новостью: