КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:52 | 24 аяк оона

Синоптиктер Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунда кар түшөөрүн божомолдоодо

Дата: 14:11, 08-06-2015.


Бишкек. 8-июнь. КирТАГ –2015-жылдын 9-июнунан 12-июнуна чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

«2015-жылдын 9-июнунан 12-июнуна чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, 9-июнда күндүз жана 10-июнда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет», - деп айтылат билдирүүдө.

9-июндан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, бийик тоолуу райондордо абанын температурасы 2° сууктан…3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2015-жылдын 9-июнунан 12-июнуна чейин абанын жогору температурасына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-жачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Поделиться новостью: