КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:16 | 23 аяк оона

Баткен облусунда көпчүлүгү Тажикистандын жана Өзбекстандын туроператорлору иштешет

Дата: 10:36, 09-01-2015.

Бишкек. 9-январь. КирТАГ – Бакыт Толканов. Баткен облусунда көпчүлүгү Тажикистандын жана Өзбекстандын туроператорлору иштешет. Бул тууралуу КирТАГга «Экономикалык палата» ассоциациясынын төрагасы Данияр Казаков жума күнү билдирди.

«Баткенде 1-2 жергиликтүү туроператорлор бар, аймакта көпчүлүгү өзбек жана тажик туроператорлору иштешет. Ата мекендик туроператорлордун көбү Бишкекте жайгашкан, аларга жумушчуларын алыскы облустарга жөнөтүү эч пайда алып келбейт. Чет элдик туроператорлор болсо Баткенге жакын. Өзбек жана тажик туроператорлору негизинен Бишкек – Ысык-Көл жана Бишкек – Нарын каттамы менен иштешет», - деди Казаков.

Туризм департаментинин мурдагы директору катары, Казаковдун белгилей кеткени, ата мекендик турфирмалардын өнүгүү, маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү, буклеттерди чыгаруу, бир нече тилде сайт ачуу мүмкүндүгүнө ээ эмес.

«Мындан тышкары Баткен облусуна жетүү кыйын. Бирок мамлекеттин колдоосу менен аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө болот. Жөнөкөй эле мисал: жергиликтүү калкка тоо велосипеддерин сатып берсе, алар туристтерге ижарага бере алышмак», - деди Казаков.

«Бул жер тоолорго, эски курулуштарга, уникалдуу делген өсүмдүтөргө бай жер. Облус кадимки туристтердин да, окумуштуулардын да кызыкчылыгын жаратат. Потенциалы бар, анны өнүктүрүү керек», - деп кошумчалады ал.

Поделиться новостью: