КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:33 | 22 аяк оона

«Шин-Лайн» компаниясынын балмуздактарынын эки түрүндө ичеги таякчалары бар болушу ыктымал

Дата: 16:56, 10-04-2015.

Бишкек. 10-апрель. КирТАГ – Айзура Чыкынова. «Шин-Лайн» компаниясынын азыктарын экспертизадан өткөрүүдө ичеги таякчалары бар деген шек жаралды. Бул тууралуу КирТАГга Аламүдүн районунун мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө жана ооруларды алдына алуу борборунун дарыгери Султан Абдыкапаров жума күнү билдирди.

«Шин-Лайн» компаниясынын өндүрүмү боюнча ичеги таякчасына шеек жаралууда, ошондуктан кошумча өндүрүм алынып,аккредитациядан өткөрүлгөн - мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө жана ооруларды алдына алуу борборунун жана шаардык санатардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабраторияларына жөнөтүлдү», - деди С. Абдыкапаров.

Анын айтымында, бактериологиялык көрсөткүчтөр боюнча шектенүүлөр балмуздактын эки түрүнөн табылды.

«27 аталыштагы балмуздактар текшерилди. Тереңирээк анализдерди лаборатория 7-10 күндүн аралыгында жасайт», - деди С. Абдыкапаров.

Поделиться новостью: