КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:15 | 26 аяк оона

Ош шаарында эгиздердин фестивалы өткөрүлөт

Дата: 16:41, 11-11-2015.

Ош.11-ноябрь. КирТАГ – Бегайым Садыкова. Ошто 17-ноябрда эгиздердин фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу КирТАГга Ош мамлекеттик университетинин тарбия берүү департаментинин директору Замир Божонов шаршембиде билдирди.

“Ар жылы Студенттердин күнүнө карата түрдүү иш-чараларды уюштуруп келебиз. Бул ирет эгиздердин фестивалын өткөрүүнү чечтик. Алар өз таланттарын көргөзүшөт, музыкалык конкурстар жана билим жаатында мелдештер болот”, - деди Божонов.

Анын белгилөөсүндө, мындай иш-чаралар университеттеги достукту бекемдеп, студенттерге достук мамиле куруууга жана жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Учурда окуу жайда жыйырмадан ашуун эгиз жуптар билим алышат.

Поделиться новостью: