КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:34 | 16 жетинин айы

Асыл тукум жылкыларды сатып алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын бюджетинен 7 млн сом бөлүндү

Дата: 14:13, 11-12-2015.

Бишкек. 11-декабрь. КирТАГ - Айша Чуштук. Асылтукум жылкыларды сатып алуу бул жылы бюджеттен 7 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жыйынында депутаттар Дастан Бекешов жана Чыныбай Турсунбеков билдиришти.

2015-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунда дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттиктин чыгымдары көбөйтүлгөн. Финансы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, Ысык-Көлдүн №54 жылкы заводу агенттиктин балансына өткөрүлгөндүктөн асылтукум жылкыларды сатып алуу зарылчылыгы келип чыккан.

«Акчаны Жогорку кеңештин депутатынын өтүнүчү менен сарптадык», - деди А. Касымалиев.

Бирок финансы министри депутаттын ысымын атоодон баш тартты.

«Жылкыларды сатып алууну кайсы депутат суранды? Мүмкүн анын өзүнүн жылкы заводу бардыр? Финансы министрлиги эми ар бир депутаттын өтүнүчүн аткара береби? Бир чыгымды азайтып, кайра башкасын эки эссе көбөйтүп жатасыңар», - деп нааразы болду Ч. Турсунбеков.

Поделиться новостью: