КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:28 | 26 аяк оона

Кыргызстанда мугалимдердин маянасы 50%га көтөрүлөт - Лаврова

Дата: 17:41, 12-01-2015.

Бишкек. 12-январь. КирТАГ - Гулиза Чудубаева. Кыргызстанда 2015-жылдын экинчи жарымынан тарта мугалимдердин маянасын 50%га көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу каржы министри Ольга Лаврова маалымат жыйынында дүйшөмбүдө билдирди.

«Биз мугалимдердин маянасын 1,5 эсеге көтөргүлө деген талабын уктук. Учурда бул каражаттарды табуунун мүмкүн болгон жолдору каралууда. Бирок маянанын көтөрүлүшүн бүгүн – эртең күтүп кереги жок, маяна жылдын аягынан тарта көтөрүлүшү мүмкүн», - деди О. Лаврова.

Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү үчүн жылына 6 млрд сом керектелет. Министр айым белгилеп өткөндөй, бул статья бюджеттин чыгашалык бөлүгүнүн эң бир чыгашалуу статьяларынын бири.

Поделиться новостью: