КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:49 | 23 аяк оона

Казакстандык чек арачылар кыргыз кесиптештерине үйрөтүлгөн асыл тукум күчүктөрдү белек кылышат

Дата: 12:36, 15-02-2016.

Бишкек. 15-февраль. КирТАГ – Кыргыз кинологдору Казакстандын УКК кинологиялык борборунда окутуудан өтүшөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн дүйшөмбүдө билдирди.

«Кыргызстан менен Казакстандын чек ара мекемелеринин жетекчилери ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 10 адис-кинолог аскер кызматкерлери биринчи ирет Казакстандын УКК чек ара кызматынын кинологиялык академия борборунда окутуудан өтүшөт», - деп айтылат билдирүүдө.

Окутуунун программасы негизги үч багытты камтыйт: издөө кызматы, баңгизаттарын жана жардыруучу заттарды издөө. Мындан тышкары, адис-кинологдор ветеринардык даярдыктын негиздерин, кызматтык иттерди чек ара кызмат нарядында кызматта кармоонун жана колдонуунун тартибин үйрөнүшөт.

«Биз мындай курстарга кинологдорду алгач ирет Казакстанга жөнөтүп жатабыз, ал жерден теориялык билимин өркүндөтүп гана келбестен, практикалык көндүмүн өнүктүрүп келишмекчи. Ошондой эле эки мамлекеттин чек ара мекемелеринин практикасында алгач ирет Кыргызстандын чек арачылары Казакстандын УКК чек ара кызматынын кинология борборунан асыл тукум күчүктөрдү белекке алышат, алар менен окутуу бүткөн соң Кыргызстанга кайтып келишип, мамлекеттик чек арада кызмат өтөөнү улантышат», - деп белгиледи КР мамлекеттик чек ара кызматынын кавалерия жана кинология кызматынын башчысы Павел Суходольский.

Поделиться новостью: