КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:34 | 26 аяк оона

Кыргызстан менен Түркия соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселесин талкууга алышты

Дата: 15:21, 18-04-2016.

Бишкек. 18-апрель. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 18-апррель күнү Түркия Республикасынын Соода биржасы жана палатасы уюмунун төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркия ишкерлеринин ортосундагы кызматташтык маселелери жана эки өлкөнүн ишкерий чөйрөйсүнүн өз ара бирдиктүү аракетинин перспективалары талкууга алынды.

Президент А. Атамбаев жана Түркиянын Соода биржалары жана палатасы уюмунун төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглу Кыргызстандагы түрк компанияларынын ишмердүүлүгүнө көңүл бөлүшүп жана экономикалык эркиндиктерди кеңейтүү боюнча жасалып жаткан мамлекеттик органдардын ишин талкууга алышты.

Поделиться новостью: