КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 1:07 | 22 аяк оона

Кыргыз дыйкандары картошканы туура эмес өстүрүшөт - агроном

Дата: 10:35, 19-03-2015.

Бишкек. 19-март. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргыз фермерлери картошканы туура эмес өстүрүшөт. Бул тууралуу КирТАГга агроном-консультант Азамат Касеев бейшембиде билдирди.

«Башка өлкөлөрдөн картошканын сапаттуу үрөөнү алынып келет. Ал эми картошканын эзилип кетиши, бышпай калышы же кара тактардын пайда болуусу – бул биздин фермерлердин күнөөсү, себеби алар жаңы сорту өздөрүндө болгон эски сорттор менен аралаштырып эгишет. Натыйжада жаңы менен эски аралашып, эски картошканын грибок жанан вирустары жаңы сорттогу картошкаларга жугат», - деди агроном.

Анын пикири боюнча, көпчүлүк учурда картошканын бул оорулары дарыланбайт.

«Илдети бар картошканы көргөн үрөөн чарбачылыктары андан дароо кутулуусу керек. Ал эми биздин дыйкандар болсо, грибок, вирустук ооруларынам карабастан картошканы кайрадан эгишет, агротехникалык эрежелер да сакталбайт. Натыйжада сатып алуучулардын дасторконуна дамы жок, башпаган же эзилип кеткен картошка коюлат. Дагы бир айта кетчү жагдай, картошка, жаратылышы боюнча, шорпого, пюреге жана башкага болуп бөлүнөт. Бирок бизде бул нерсе жасалбайт, биз ушундай деңгээлге жетүүгө аракет кылуубуз керек», - деди А. Касеев.

Поделиться новостью: