КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:47 | 25 аяк оона

Кыргызстандын өкмөтү жарадар болгон чек арачыга компенсация төлөп бербөөнү чечти

Дата: 15:29, 21-01-2015.

Бишкек. 21-январь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандын өкмөтү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы «Айкөл» чек ара заставасында жарадар болгон, мамлекеттик чек ара кызматынын мөөнөттүү жоокерине компенсация төлөп бербөө чечимин чыгарды. Бул тууралуу КирТАГга өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Гульнура Торолиева шаршембиде билдирди.

«Өкмөттө «Айкөл» чек ара заставасында каза болгон чек ара башчысынын үй-бүлөсүнө жана башчынын жарадар болгон орун басарына компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынган. Учурда бул иши боюнча иликтөө аягына чыга элек, ал аяктаганга чейин мөөнөттүү жоокерге материалдык жардам көрсөтүлбөйт», - деди Г. Торолиева.

Белгилей кетсек, мурда чек ара кызматынан маалымдагандай, иликтөөнүн алдына ала жыйынтыгы боюнча аныкталгандай, чек ара заставасына куралдуу кол салуу, күнөөсүн мойнуна алган заставанын аскер кызматкери тарабынан атайын жасалган.

Эске сала кетсек, «Айкөл» чек ара заставасына 16-январь күнү кечинде куралдуу кол салу болгон. Анын кесепетинен, заставанын башчысы өлтүрүлүп, анын орун басары жана катардагы жоокер жарадар болушкан.

Поделиться новостью: