КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:36 | 16 жетинин айы

Кыргызстанда орус тилин расмий макамынан ажыратуу сунушу киргизилди

Дата: 16:05, 23-03-2015.

Бишкек. 23-март. КирТАГ – Гулиза Чудубаева. Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү сунушталып, ага ылайык орус тили расмий макамынан ажыратылат. Бул тууралуу журналисттерге мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчысы Эгемберди Эрматов дүйшөмбүдө билдирди.

«Кыргызстанда 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыяланган. Бирок, буга карабастан бир катар окумуштуулар тил саясаты жаатында өзгөртүү киргизүү зарылдыгы жөнүндө маселе коюп жатышат. Мындай сунушту жакында болгон мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча илимий-практикалык конференцияда бир катар окумуштуулар айтып чыгышкан. Алар орус тилин расмий макамынан ажыратууну сунуштап жатышат», - деди Э. Эрматов.

Ал эске салып өткөндөй, мындай эреже Кыргызстанда гана бар жана мамлекеттик органдар орус тили – бул расмий тил экендигине шылтоо кылышып, документ айлантууну кыргыз тилине которбой жатышат.

«Эне тилди өнүктүрүү үчүн парламент тарабынан мыйзам чыгаруучу демилге талап кылынат. Белгилей кетчү жагдай, ӨКМ, ИИМ маданият министрлиги документтерин мамлекеттик тилге которушкан», - деди Э. Эрматов.

Анын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүүгө бөлүнгөн 243 млн сомго бала бакчалар, мектеп, жогорку окуу жайлар, мамлекеттик органдар үчүн китептер чыгарылмакчы.

Ал кошумча кылып өткөндөй, бүгүнкү күндө кыргыз тили боюнча текст иштелип чыккан.

«2016-жылдан тарта мамлекеттик тил боюнча тестирлөөдөн баардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөрүлөт. Бул кыргыз тилин өнкүтүрүүгө өбөлгө болот. Мурда эки ирет кабыл алынган, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча программалар каражаттын тартыштыгынан улам иштебей жаткан», - деп белгиледи ал.

Поделиться новостью: