КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 9:06 | 17 жетинин айы

Кыргызстанда бул жылы жаан-чачындардын саны жылдык орточо нормадан үч эсеге жогору болду

Дата: 10:54, 25-05-2015.

Бишкек. 22-май. КирТАГ – Бакыт Толканов. Кыргызстанда бул жылы жаан-чачындардын саны жылдык орточо нормадан үч эсеге жогору болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жума күнү өкмөттүн жыйынында билдирди.

«2011-2014-жылдары жаан-чачындын деңгээли төмөнүрөөк болгон, бирок бул жылы – 315%ды түзүп, жогору болду. Натыйжада сугат маалында дарыялардын деңгээли нормада же жогору болот», - деди министр.

Муну менен 2014-жылга салыштырмалуу жаан-чачындын басымдуулугу өзгөчө кырдаалдардын көп болуусуна алып келди.

Поделиться новостью: