КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:47 | 14 жетинин айы

Кыргыз тили Google translate тейлемине кирбей калды

Дата: 17:39, 29-12-2014.

Бишкек.29-декабрь. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Кыргыз тили Google translate тейлемине кирбей калды. Бул тууралуу «Биздин Мурас» коомдук фондунун директору Чоробек Сааданбеков дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында билдирди.

«Кыргыз тилин Google translate тейлөөсүнө киргизүү жаатында көптөгөн суроолор жаралып жатат, декабрь айынын башында бул тейлемге казак жана өзбек тилдери кирген. Ал эми кыргыз тили котормолордун аздыгына байланыштуу ал жерге кире албайт. Расмий сайты да бар, ал Google community translate болуп аталат. Бул сайтта кыргыз тилине которууга зарыл болгон фразалар англис тилинде. Бул Google издөө сервери аркылуу көбүрөөк изделе турган фразалар. Азыр биз көп колдонула турган фразаларды которуп чыгууга аракет кылып жатабыз», - деди Ч. Сааданбеков.

Анын белгилөөсүндө, азырынча кыргыз тили серверге кирүүгө талапкер гана бойдон.

«Жарым жартылай иш жасалып болду, бирок дагы бир аз жетишпей жатат. Ал эми канча сөздү которуу керек экендигин эч ким так айта албайт», - деди ал.

Анын айтымында, фонддо 2015-жылдын аралыгында 300 миң фраза которуу божомолдонууда, бул болжол менен 1 млн сөз. «Бирок азырынча Google бизге эч кандай кепилдик бербейт, баардыгы өзүбүз – кыргыздар кандай иш жасай тургандыгыбызга байланыштуу», - деп белгиледи Ч. Сааданбеков.

Фонд директорунун белгилөөсүндө, кыргыз тилин келээрки жылда Google translate тармагына киргизүү үчүн, керектүү болгон көлөмдү которууга студенттер, волонтерлор, кыргыз тилин алып жүрүүчүлөр коому тартылат.

«Мамлекеттик программанын алкагында $20 миң бөлүндү, себеби биз программаны аткаруу тендеринен жеңип чыктык. Мындан тышкары биз википедияга кыргыз тилинде 25 миң статья киргизүүнү пландап жатабыз. Бизге англис жана кыргыз же орус жана кыргыз тилин билгендер керек», - деп белгиледи ал.

Поделиться новостью: