КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:25 | 18 жетинин айы

Оттуу маймыл жылын ачык түстөгү кийим менен тосууну астрологдор сунуш кылышат

Дата: 11:35, 31-12-2015.


Бишкек. 31-декабрь. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Кытай жылнамасына ылайык, келе жаткан 2016-жыл – Оттуу маймыл жылы. Келээрки жыл ийгиликтүү болушу үчүн 2016-жылды кандай кийим менен тосуу тууралуу кам көрүү ашыкча болбос.

Оттуу маймылды таарынтпоо үчүн, астрологдор кийим тандоо маселесине өтө олуттуу мамиле кылууну сунуш кылышат. Маймыл жылы модалуу, авантюрага жана эксперименттерге жакын натураларга ак ниетте болот.

Жылдын түсү – көк, жашыл, сыя, сары, кызыл, күлгүн, кара.

Мырзалар жаңы жыл түнү классикадан бир аз чегинип ачык түстөгү рубашка жана өзгөчө галстук тагынса болот. Маймыл индивидуалдуулукту жактырат.

Айымдар жеңил-желпи көйнөктөрдү, жазы шымдарды кийсе болот. Мындай кийим сиздин маанайыңызды куунак, шаңдуу кылып, өзүңүздү эркин сезүүгө көмөкчү болот. Оттуу маймыл сизден дал ушуну күтөт. Ошондо гана ал сизге ак ниетте болот. Ал үчүн кийимдин фасону анча маанилүү эмес. Болгону кийимиңизде бир өзгөчөлүк болуусу абзел.

Кыргыз астрологу Андрей Рязанцевдин белгилөөсүндө, ачык жана көзгө урунган макияж жаңы жыл түнү жана бүтүндөй 2016-жылы актуалдуу болот. Болгону аша чапоо керек.

«Маймыл ойсоңдоп турганды, ачык жана каныккан түстөрдү жактырат. Албетте, кийим ачык түстө болгону дурус. Бул чыпталган көйнөк да болушу мүмкүн, жалтырак кездемелер да жакшы болот. Кийимде кызыл түс болгону жакшы, ал кийимдин бир элементи, же аксессуар – кур, кызыл бант болушу мүмкүн. Ошондой эле кызгылт сары түстөгү кийим кийүү сунушталат, күрөң түс дагы кийсеңер жагымдуу», - деди А. Рязанцев.

Маймылга жакпаган нерсе, зериктире турган жана түнт кийимдер. Боз көйнөк, маанайыңыздын пас болушу жыл ээсине жакпай турганы анык! Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!

Поделиться новостью: