КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:53 | 21 жетинин айы

2013-жылы кыймылсыз мүлк базарындагы келишим көлөмү $1,8 млрдды түздү

Дата: 18:56, 22-01-2014.

Бишкек. 22-январь. КирТАГ - Мээрим Маданбекова.  2013-жылы кыймылсыз мүлк базарындагы  келишим көлөмү  $1,8  млрдды түзгөн.  Бул  туурасында  КирТАГка  мамлекеттик   каттоо кызматынын  кыймылсыз  мүлк  базары  боюнча  талдочусу Айдар  Сукенбаев  шейшемби күнү  билдирди.  

«Өткөн  жылы   кыймылсыз  мүлк  базарындагы  келишим көлөмү $1,8  млрдга жеткен.  Кыймылсыз мүлк  тармагы жылдын  сонунда жанданып,   келишим 16,6  пайызга  жогорулаган», - деп  маалымдайт мамлекеттик  кызматкер.

Талдоочу божомолдогондой 2014-жылы кескин түрдө жогорулоо жана  төмөндөөлөр  күтүлбөйт.
«Анализ  жасоодо  биз  көп факторлорду  эске алдык. Алардын эң башкысы  эмгек мигранттардан  которулган  каражаттар.  Жарандарда ашыкча  акча  болгондо  алар  кыймылсыз  мүлккө  салышат. 2013-жылы  соода-сатык  күрөөлөрдөн ашып  кеткен. Калктын  колунда  ашыкча каражат топтолуп,  ага ылайык  турак-жайга  болгон  баа  көтөрүлгөн», - дейт А.Сукенбаев.

Анын  сөзунө   караганда, турак жайды    сатып алуу-сатуу келишимдери экинчи базарда ишке ашат.
«Анткени  бош  жер  тилкелери  жок  болгондуктан   алгачкы  рынок  Кыргызстанда  өнүккөн эмес.  Болсо да   баалары  өтө жогору.  Коррупциялык схемалар  бул сектордо  жаңы турак жай комплекстерин  курууга   мүмкүнчүлүк  бербей  жатат», - дейт А.Сукенбаев.

Ал белгилеп   кеткендей, ипотека институту өлкөдө 2008-жылга чейин иштеген. Азыр айрым гана банктар ипотекага  насыя  беришет.

«Куруучулардан   банк  жалпы сумманын  30 пайызын  алдын  ала сурап алат.  Ѳнүккөн  өлкөлөрдө калктын  жарымынан  көбү ипотеканын  эсебинен  турак-жай күтөт. Бизде бул кызматты калктын 3-5 пайызы гана колдонот», - деп  белгилейт Сукенов.  

Документти өздөштүрүүдө  жеке турак үйлөр 58,8  пайыз, батирлер 16 пайыз, жер тилкелери 4 пайызды,  коммерциялык  багыттагы кыймылсыз мүлктөр 1,6  пайызды,  өндүрүштөгү кыймылсыз  мүлк 0,45  пайызды жана айыл чарба  багытындагы кыймылсыз мүлк 1,3 пайызды түздү.

Поделиться новостью: