КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:10 | 24 аяк оона

«Курманжан датка» фильми дүйнөлүк Монреале шаарында өтөтурган кинофестивалына тандалды

Дата: 17:36, 11-07-2014.

«Кечээ «Курманжан датка» фильминин режиссеру Садык Шер-Нияз эл аралык Монреале кинофестивалынын «А» категориясына катышуу үчүн атайын чакыруу алды. Катта атамекендик «Курманжан датка» кинокартиансы Focus on World Cinema (Фокус на мировое кино) кинофестивалына катышуу үчүн тандалганы жазылган», - деп маалымдады Ч.Идрисова.

Анын сөзүнө караганда, кинофестивалдын «А» категориясын бүт дүйнө тааныган жана эл аралык кинопродюсерлер федерациясы тастыктаган.

«Дүйнөлүк престиждүү кинофестивалдардын катарына Монреаль башка Венеция Канн, Локарно жана башка кино фестивалдар кирет. Масштабдуу кинофестивалга катышуу бир гана сыймык эмес, биз үчүн кинорежиссерлор үчүн тажрыйба болуп, , өлкөбүзгө аброй алып келет. Ушундай ири масштабдуу кино көрсөтүүлөрүнө ар дайым эле кыргыз киночулары катыша албайт. Сынакка катышатурган фильмдер дүйнөлүк кинематографисттердин тандоо комиссиясынан элегинен өтөт. Татыктуу тасмалар га катышат», - деп белгиледи ал.

Поделиться новостью: