КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:00 | 21 аяк оона

Кыргыз окумуштуулары көмүрдөн мотордук жылуулук иштеп чыгарууга ниеттенүүдө

Дата: 10:15, 26-06-2014.

«Кашка-Суу көмүр бар. Андан биз миң сомго көмүр сатып алып, 552 кг карбонизот жана 238 кг чайыр алабыз. Чайыр регидронизациялоого иштетилет. Беш тонна көмүрдөн бир тонна нефт проддуктусун алса болот. Чайыр кайра иштеткенге жакшы. Андан мотордук жылуулук алса болот», - деп маалымдады Ш. Сарымсаков.

Анын сөзүнө караганда бул процессти Кыргызстанда толук ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар. Кайра иштетүү үчүн Орусиянын Ангар нефтхимиялык комбинантынан жардам сураса болот.

«Ал жакта бул процесс иштеп жатат. Алар менен кызматташсак болот. Дагы бир жолу болсо Красноярск, ал жерде ошондой компания иштейт. Биздин өкмөт сунуш менен кайрылса, алар жабдыктарды бизге алып келип орнотот. Өндүрүш иштей баштайт. Бул долбоорду ишке ашырса болот. Биз Кашка-Суу көмүр кени менен баштоону сунуштайбыз», - деп белгиледи ал.

Поделиться новостью: